Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 12-февралда Сокулуктагы аймактык ооруканадан жандандыруу бөлүмүнө денеси күйгөн аял келгенин, эртеси күнү алган жаракатынан улам каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, каза болгон аялдын өздүгү аныкталган. Ал Сокулук районунун 42 жаштагы М.О. аттуу тургуну болгон.

Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары 46 жаштагы М.А. кармалган. Ал каза болгон аялдын күйөөсү болгон. Учурда ага КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча айып коюлуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү маркум аялдын күйөөсү үйүнө мас болуп келип, аялына тамак жасоону айткан. Күйөөсү аялынан тамакты тезирээк жасашын талап кылып, жини келип анын үстүнө бөтөлкөдөгү бензинди куюп салган. Андан кийин ал жасалып жаткан тамакты газга коюп тезирээк бышырууну айткан. Аялы газды күйгүзгөндө, от аны чапчып, аялы күйүп калган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бир күндөн кийин алган жаракатынан улам каза болгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here