Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму болду. Анын жүрүшүндө Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип суракка алууну өтүндү. Адвокат иштин материалдарында Атамбаевдин көрсөтмөсү камтылганын буга себеп катары көрсөттү. Судья Адылбек Эсенбаев бул өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки жараян 17-мартка белгиленди.

Курсан Асанов тергөө териштирүү Ички иштер министрлигинин кызыкчылыгында жүргүзүлүп жатат деп, коюлган айыптарга макул эместигин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Асанов өзүнө карата тагылган айыптарды «негизсиз жана ойдон чыгарылган. 7-август күнү барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Бирок айрым адамдар менин сөзүмдү укпай, ушул абалга алып келишти”, — деди Асанов.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланып, жардамчысы Дамир Пайзилда уулу камакка алынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here