Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги зыяратчыларды өлкөгө киргизбей турганын 26-февралда «Твиттер» баракчасына жарыялады. Өзүнүн жарандарын да коронавирус жугуу тобокелдиги бар өлкөлөргө барбай турууга чакырды.

Коронавирус илдети июль айынын аягында баштала турган ажылык сапарга кандай таасир этери да дайын эмес.

Азырынча Сауд Арабияда коронавирус илдети чыга элек. Бирок ага кошуна турган Кувейт, Ирак, Иран, Бахрейн, жана Бириккен Араб Эмираттарында илдет жуктургандар табылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here