Учурда Кытайдан чыккан короновирус жеке эле Кыргызтанга эле эмес бүт дүйнө жүзүнө чоӊ коркунуч туудуруп турган кези. Акыркы  маалыматтар боюнча Кытайдан тышкары 44 өлкөдө катталган коронавирус  дээрлик 78 миңден ашуун адамга жуккан. Алардын басымдуу көбү кытайлыктар. Жалпысынан 2744 адам каза болуп, айыккандардын саны 32 миңге жетти.

Маалым болгондой Кыргызстанда короновируска шектелген адамдардын (көбү кытайдан келгендер) саны 150дөн ашып, алардын баары катуу көзөмөлдө турганын Саламаттык сактоо  министрлиги байма-бай кабарлап турат. Жогорку Кеӊештеин жыйынында да дал ушул маселе каралып, депутаттардын суроолоруна  вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев баштаган тиешелүү   жетекчилер жооп беришти.

Көпчүлүк депутаттар аларга корновирус боюнча курч суроолорду узатышып, бир  топ маалыматтар угулду. Алардын катарында депутат Махабат Мавлянова да вице премьер-министр менен министрге бул кооптуу вируска карата талапка ылайык даярдыктар, ага каршы күрөшүүнүн жолдору боюнча бир катар суроолорду узатты. Депутат айымдын: “вирус канча күндөн кийин жуга баштайт?” — деген суроосуна,  министр: “Имунитети начар адамдарга бат жугат, а негизи вирустун жугушу адамдардын ден-соолугунун ахыбалына жараша  14 күнгө чейин созулат. Вирус жуктурду деп шектелип анализ алынса, анын жыйынтыгы 4-5 саата эле чыгып, билинип калат. Бүгүнкү күндө биз 800дөй адамдан анализ алдык. Жыйынтыгында баарынын теӊ анализдери оӊ жыйынтык чыгарды ” – деген жооп узатты. Ошондой  эле, министр  чет мамлекеттерден Кыргызстанга келген айырым адамдар короновируска шектелген адамдардын 14 күнгө чейин атайы овсерваторияларда кармалып, кайрадан экинчи жолу анализ алынып, анын жыйынтыгына жараша чыгарылып жатканын айтты. Махабат айымдын: “Чет мамлекеттерден бир күндө канча адам учуп келип жатат?”- деген дагы бир суроосуна Чек ара кызматынын өкүлү: “Бир күндө 50гө жакын адам учуп келүүдө” – деп жооп берди

Махабат Эргешована акырында: “Демек, бир күндө чет мамлекеттерден 50дөй адам келип  жатса, аларды текшерген соӊ баарын бир жерге кармабай, ар бир топту, өз өзүнчө кармоого шарт түзүү керек.  Кокус, бир эле вирус жуктурган адам  кирип калса, ал канча деген адамдарга жуктуруп, жалпы коомчулукка чоӊ коркунуч туудурат. Экономикалык абалыбызга да оорчулук келтирет. Ошон үчүн биз бул маселеге кайдыгер карабайлы. Жалпылап, жакшылап байкасак,  чынында бул маселеге бир аз кайдыгер  карап жатабыз. Биз мындайга жол бербейли. Азыркы көрүлүп жаткан чаралар жетиштүү эмес. Чара көрүүнү  дагы да күчөтүү зарыл” – деп баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here