Ош шаарында сегиз жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенине караганда, шаардын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here