Ырчы Мирбек Атабеков жана жубайы Мээрим Төлепберген кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчы мырза Инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды.

“Аллага миң мертебе шүгур! Достор, сүйүнчү, азыр эле дагы бир кыздуу болдум! Мээрим сага рахмат, абдан жакшы иш жасадың, азаматсың! Кызымдын ысымын, Алла Тааланын сүйүктүү пенделеринен болсун деп, «Сүйүү» деп атадык! Бардык үй-бүлөдө ар дайым сүйүү болсун жана Кыргыздын саны көбөйө берсин!”,- деп жазды ырчы.

Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепбергендин ортосунда Адам аттуу уулу жана Ыйман аттуу кызы бар.

Бешик боонуздар бекем болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here