Маалым болгондой туризм боюнча  тармакты көп жылдан бери Маданият министрлиги тейлеп келген. Бирок өкмөт ага карабастан, дагы бир туризм тармагын тейлей турган өкмөткө түздөн-түз караштуу кылып мамлекеттик ишкана ачып койгон.  Ага жетекчи кылып, Казаков Данияр Бопушевич дегенди дайындаган. Бул адам мурун ишкерлик менен да алектенип келген. Өкмөт аталган ишканага мамлекеттик бюджеттен жылдык бюджет катары 10 миллион сом бөлгөн. Бул ишканада болгону 10 адамдын тегерегинде эмгектенет. 10 млн. сом бөлүнгөнү менен Казаков башкарган ишкана мамлекетке бир жарым жылдан бери 10 сом да пайда келтирген эмес. Ишкана катары  туристтерди тартып келүү, туризимди даӊазалоо боюнча бир да келишим түзгөн эместиги айтылууда.  Анда Казаков 10 милион сомду каякка сарптап жатат? Бизге жеткен маалыматтар боюнча  туризм боюнча ишкананын имараты Разаков көчөсүндө жайгашкан. Жогоруда  иштеген адамдардын саны 10дун тегерегинде экенин айттык. Казаков ошол 10 адам иштеген жерде мурун 2 дарааткана болсо, ага кошуп Казаков үчүнчү даараткан салдырыптыр. Анын бирөөсү “свето-музыка”, жууна турган атайын жайы менен экен эй. Мындан тышкары, ал ишканага деп 3,5 миӊ долларга ноутбук, 150 миӊ сомго “проектор”, 37 миӊ сомго телефон  сыяктуу өтө зарыл эмес буюмдарды алыптыр. Бул аз келгенсип, Казаков мамлекеттик атка минер болуп туруп, Юстиция министрлигинде катталган жеке менчик компанияларда дагы эле кожоюн болуп жүрөт. Бул маселени Салык кызматы дагы тастыктаган. Негизи мамлекеттик кызматкерге жеке ишкер болууга тыюу салынат. Ошондо Казаков кимге таянып, мындай өзүм билемдикке барып жатат. Кыязы, анын Ак –үйдөгү “крышасы” өтө күчтүү окшобойбу. Мамлекетке пайда келтирбеген мындай ишканаларды тезинен жоюп салуу зарыл. Ал эми Казаковго окшогондордун ишин тыкыр иликтеп, былыгына жараша жоопко тартуу абзел.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here