Кыргызстанда хоккей Жумгалдан өнүгө баштаган

Жалпыга маалым болгондой Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан кийин  талапка ылайык шарт жок экенине карабастан, жай темпте болсо  да өнүгүп келаткан  спорт оюндарынын бири  — бул хоккей оюну. Баарыбыз билебиз, бул оюн өтө кооптуу оюндардын катарына кирет. Ушул себептен бүт дүйнөгө кеӊири айтылган: “ Коркоктор –хоккей ойнобойт. Чыныгы эркектер гана ойнойт! ” – деген атактуу сөз бар. Мына ушундай аталышы хитке айланган ырды да жакшы билебиз.

  Кыргызстанда хоккейдин мекени катары – Жумгал району эсептелери жалпы элге маалым. Эмнеге дегенде, дал ушул райондун борбору Чаекте  хоккей жанданып, өнүгүүгө карай бет алган. 1990-жылдардын баш жагында кышкысын тоӊгон Шортон сыяктуу көлмөлөрдүн үстүндө жөнөкөй таяк, шайба ордуна башка бир катуу буюмдарды колдонуп, атайын форманын “ф” тамгасы жок ойноп келишкен. 1999-жылы, ошол Шортондун жээктерине кар үйүп, борт жасап, стадионго окшотуп,  анан ошол жылы  Жумгалда райондук деӊгээлде турнир башталган. Ал турнирге алгач Жумгалдын 4-5  айылынан келип катышып, жыл өткөн сайын  командалардын саны өсүп турган. 2003-2004-жылдардан тартып  Жогорку Кеӊештин эки жолку депутаты, маркум Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган турнир бир канча жылдарга чейин созулуп болуп турду. Ал турнирди Матыевдин туугандары колдоого алып, демөөрчүлүк кылып  турушкан.

Жумгалдагы турнирлердин биринде тартылган сүрөт

2013 – жылы Миӊ-Кушта хоккей стадионун жыгач менен жасашкан. Бирок ал жыгачтан (оисви) жасалган  аянт оюн учурунда  урулган соккулардан улам тешилип, сапаты негизги талапка жооп бербей калган.  2014-жылы, ошол кезде Нарын областында губернатор болуп турган Канат Муратбековдун колдоосу менен  Чаектеги парктын ичине заманбап талапка ылайык жакшы стадион курулган. Андан бери Байзак, Кызыл-Жылдыз айылдарында да заманбап стадиондор салынды. Ал эми акыркы 10 жылдан бери Жумгалда респуликалык ачык турнир жогорку деӊгээлде өтүп келатат. Ал турнирди жергиликтүү бийлик, азыркы учурда Жогорку Кеӊештин депутаты болуп турган Абтандил Кулбараков баштаган бир катар инсандар колдоого алып, өткөрүп келишет.

Жумгалдагы турнир…

Айрыкча, бул жагынан алганда Абтандил мырза бир топ жылдан бери жылына бери дегенде 300 миӊ сом каражатты өз чөнтөгүнөн  берип, туруктуу демөөрчү болуп келет. Бүгүнкү күндө Жумгалдагы республикалык ачык турнирге өлкө боюнча 10 чакты команда келип катышып, биринчилик үчүн кызуу таймашатарды көрсөтүп жүрүшкөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Ошол Жумгалда хоккей оюнун ойноп, тажрыйба топтогон жигиттер акырындык менен мыкты оюнчулар болуп чыга келишти.

Мына ошолордун бири, 2011-2015-жылдары Кыргызстандын хоккей боюнча түзүлгөн улуттук курама командасынын 2011-2017-жылдардагы капитаны Эсен уулу  Аманбек   менен Кыдырбаев Арлен мырзалар бүгүнкү күндөгү хоккейдин абалы, ийгиликтери, көйгөйлөрү жана  Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын иши жана анын “түшпөс ханы” Анвар Оморкановдун өзүм билемдик иштерин ачык айтып беришти.

Аман Эсенов, Хоккей оюну боюнча  улуттук курама команданын мурунку капитаны:

Аман мырза, алгач окурмандарга өзүӊ тууралуу айтып берсеӊ? Хоккейде канча жылдан бери ойноп жүрөсүӊ?

—Мен хоккейди 5-классымдан бери ойноп келатам. Жалпыга маалым болгондой Кыргызстанда хоккейдин мекени Жумгал эмеспи. Мына ошол райондо туулуп, өсүп, ошол жактан хоккейге болгон кызыгуум ойгонгон. Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясы  кеч түзүлдү, тактап айтканда 2011-жылы эле түзүлгөн.

Жумгалдагы турнир…

—Улуттук курама команданын ийгиликтерин айтып берсеӊ?

—Укмуш чоӊ ийгиликтер болуп жатат деп мактаныч кылып айта албайм, бирок келечекке карай, өнүгүүгө өбөлгө болуп жаткан аракеттерибизди учкай айталы.

2011- жылы  мен улуттук курама команданын катарында болуп  Астана, Алма-Атада өткөн кышкы оюндарга катыштым. Ал жылы деле биздин улуттук команданын курамында Россиядан келген легионерлер аз эмес болчу. Ушул себептенби, айтор биздин баардык оюндарды жокко чыгарып, 3 жыл оюндарга катышууга тыюу салып коюшкан. 2014-жылы Бишкек шаарында Азия кубогу болуп, биз ошол оюнга  катыштык. Ал жылы биз командага легионерлерди катыштырбай, жалаӊ кыргыз балдар ойноп, жакшы  көрсөткүчтөргө жетишкенбиз. Себеби, Эл аралык хоккей федерациясынын талабы боюнча оюнга катышкан командалардын баары менен ойноп, баарын уттук. Бирок бир гана өкүнгөнүбүз  1:0 эсеби менен Мако командасына гана утулуп, экинчи орунда калганбыз. 2015- жылы Азия оюндары Кувейтте өткөн. Ал мамлекетке да биздин команда сырттан легионерлерди албай, жалаӊ кыргыз балдар барып ойноп, күчтүү командалары менен беттешип, жыйынтыгында 3- орунду алып келгенбиз. 2016- жылы  Азия оюндары Бишкекте өттү. Анда биздин командага 3 легионер пайда  болду. Алар: Ринат Мустафаев, Олег Колодий, Данил Шукшинов. Бул жигиттер бизге Казакстандан келишкен, хоккей мектебин бүтүшкөн. Кыргызстанда машыктыруучу болуп 5-6 жыл иштеп жүрүшүп, Казакстандын жарандыгынан баш тартышкан эмес, биздикелер ага карабастан аларга  кыргыз паспортун жасап берип коюшкан. Чынында алар биздин хоккейдин өнүгүшүнө салым кошуп, чемпионатта ойношуп, айтор баарыбызга белгилүү болуп калышкан. Ошол 2016-жылы Бишкекте өткөн Азия оюндарында биз 1-орунду алып, чемпион болгонбуз. 2018- жылы 8-кышкы Азия оюндары Япониянын Сапара шаарында болду.  Японияга барар алдында биздин улуттук курама командада легионерлер көбөйүп кетти.

“Легионерлер кыргыз хоккейине кадыр-бар алып келишкен жок”

—Каяктан, канча легионер келди? Аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү масесели кандай болду?

—Казакстандан 8 легионер келишкен. Алар: Артем Семилетко, Олег Колодий, Владимир Ничупуренко,  Данил Шушенков, Нуржан Ибраимов, Антон Кудашев, Павел Сазонов,  Ринат Мустафаев.  Бул жигиттер 1 ай ичинде кыргыз паспортторун алышып, улуттук командага киришип, биз менен Японияга барышты. Япониядан биздин команда өзүбүздүн дивизиондо 2- орунду алып келгенбиз.

Жаштар иши, физкультура жана спорт агенттигиин директору К. Аманкулов, Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, Улуттук курама команданын каптины Эсенов Аманбек…

—Азия оюндарына катышуу алдындагы даярдануу, машыгууларды айтып берсеӊ?

—Бул жөнүндө айтсам сөз көп болуп кетет. Учкай айтайын. Биздин хоккей федерациясында темирдей тартип жок, жетекчилик өзүм билемдик ишти көп кылгандыктан биздин машыгуу иштерибиз да талапка ылайык болбой аксап калгандыгы да чындык.

—Мисалы?

—Мисалы,  азыр федерацияда вице-президент болуп жүргөн Болот Элзаров ал кезде улуттук командада дарбаза тосчу. Ошондой эле анын дагы бир өнөгү (дарбазачы) легионер Ринат Мустафаев машыктыруучу болчу. Ошентип  Ринат  машыктыруу иши менен алек болуп, Элзар болсо федеоациянын иши менен жүгүрүп,  кааласа келип, кааласа кетип калат. Биз Азия оюндарында даярданып жатканда 10 күн бою дарбаза тоскон киши жок, ачык дарбазага шайба киргизип жаттык. Чынында бул көрүнүш  бир чети күлкүӊдү келтирсе, экинчисинен кыжырыӊды келтирет. Мен  команданын капитаны болгондуктан бул нерсеге нааразы болуп жүргөм. Ал эми 8 легионердин арасынан экөөсү гана келип машыгууга катышкан, калганы Японияга  машыгып даярданбастан, эртеӊ учабыз деген күнү келишип түз эле барышты. Бул дагы жакшы эмес көрүнүш да. Ошондо да “булар машыкпаса, даярданышпаса, анда эмнеге акча төлөп жатышат?” – деп нааразычылыгыбызды айтканбыз. Бирок аны эске алган киши болбоду. Дагы бир жагдайды ачыктайын. Бир күнү булар  Азия оюндарына барар алдында Артем, Элзар ж.б. балдар болуп мейманканада ичишип, акырында мушташып кетишет. Артем Элзарды сабап коёт. Ошондо да ызы-чуу болуп, ынтымак кетет. Федерациядан да келишип, оюнчулар да ал окуяны талкууга алып, мен капитан катары Артемди командадан чететтип салуу сунушун айттым. Бирок биздин жашы улуу оюнчубуз Шейшеналиев Урмат: “Азия оюндарынын алдында ызы-чуу болбой барып келели”- деген сунуш айтып, ошону менен Артем биз менен Японияга барып келди. Федерация талапка ылайык иш алып барса, ошондой тескери көрүнүштөргө жол бербейт эле да.

 “8 легионерге 1 айдын ичинде паспорт жасап беришкен. БАЭдан бизге “Роосия, Рашын”  — деп кыйкырышып”

—2019-жылы Дүйнөлүк чемпионатка тандоо Бириккен Араб Эмиратында өтүп, Кыргызстан өз атаандаштарынын баарын толук эле утканы менен чыр болуп, баардык жеӊиштери жокко чыгарылып калбадыбы. Себептерин силер жакшы билесиӊер да…

—2017-жылы Япониядагы Азия оюндарында 2-орунду алып келгенден кийин, 2018-жылы сыртка чыгып, оюндарга катышкан жокпуз. 2019-жылы болсо дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу туруна БАЭге барар алдында мурунку легионерлерди эмес, Новосибирск шаарынан башка 8 жаӊы легионерлерди таап келишти. Ал сегизөөнө мурунку легионерлерден экөөнү кошту. Кыргыз балдардан болсо сегиз оюнчу. Легионерлердин  баарына теӊ мурункудай эле  тез аранын ичинде Кыргызстандын жарандыгын алып беришти.  Эл жакшы билет.  Паспорт алуу жөнөкөй жаранга кыйынчылык туудурат. Ар кайсы документ топтоп жүрүп, 1 же 2 айда араӊ алышат. Ал эми бул легионерлер баары бир күндө бир дата менен алышканы факты болуп калды да.

Ачыгын айтканда башка мамлекеттер легионерлери көп болгон учурда абдан жаман көрүшөт да. Ушундан улам БАЭдеги жеӊиштерибиз жокко чыгарылып калды. Чынында легионерлер биздин балдарга салыштыра келгенде күчтүүрөөк болушат. Анткени кичинесинен хоккей мектебинде окушуп, тажрыйбаны көбүрөөк топтошкон. Ошондой болсо да биздин улуттук командада ойноп жүрүшкөн кыргыз балдардын деле тажрыйбасы жетиштүү, көп учурда бизге легионер болуп келишкен оюнчуларга кадимкидей эле туруштук берип, таймашат. Биз БАЭде ойноп жатканда бизде легионерлер көп болгон үчүн оюн көрүп жаткандар Кыргызстан деп  кыйкырбастан “Рашын, Россия” – деп кыйкырып жатышпадыбы. Бул эми уят нерсе да. Арабдар да абдан нааразы болушту. Макул легионер менен баарын уттук, бирок жыйынтык нөл болуп калды.

—Федерациянын иши начар, жетекчиси талапка ылайык иш алып барбайт деген кептерди мен журналист катары көп хоккейчилерден жана хоккейге кызыккандардан угуп келем. Эми мына ушул маселе боюнча ачык айтсаӊ?

—Эч кандай жашыра турган маселе жок, биз болгонун болгондой эле айтабыз. Анвар Оморканов, Мурат Жакыповдор федерацияны Юстиция министрлигинен 2011-жылы каттоодон өткөрүшүп, Анвар байке перзидент, Мурат байке вице болуп шайланган. Анвар байке 2017-жылы кайра экинчи мөөнөткө өзүн гана колдогондорду чакырып, алар аркылуу президент болуп шайланып алган. Бизди ал шайлоо ишине чакырган жок. Себеби, биз федеарциянын, анын жетекчилеринин кемчиликтерин ачык айтып келенибиз үчүн,  команданын капитаны мени баш кылып башка оюнчуларды да чакырбай жашыруун шайланган. Биз анын шайланганын укпай да калдык. Мага анын экинчи жолу шайланганын мончодо түшүп жатканда башка бир байке айтып, таӊ калтырган.

—Силердин каршы чыгарыӊарды билип чакырбай койгон болуп жатат да…

—Маселе ошого келип такалып жатат да. Биз ал жерден болгон кемчиликтерди көпчүлүктүн көзүнчө айтмакпыз.  Көп сөз болмок, көп талкуу болмок. Алар ушул жагын каалабагандыктан, шайлоого  команданын капитаны мени баш кылып чакырбай коюшту.

 “Легионерлерге 1000 доллардан берип, кыргыз балдарына ушу күнгө чейин алдап келет”

Федерация ичинде дагы кандай адилетсиздиктер болду?

—Баарын айтсак көп эле. Мисалы, федерация мамлекеттик бюджеттен канча каражат алышат, ал жагын билбейбиз. Бизгееачык айтпайт. Андан тышкары, хоккей оюнуна деп Кара-Кечедеги ишканалардан, “Мегаком” ж.б. компанияларды демөөрчүлүккө тартышып, бир топ эле чоӊ каражат алып келет. Бирок ал акча кандай ишке, эмнелерге сарпталып жатканын дагы балдарга ачык айтышпайт. Мисалы, 2019-жылы БАЭден келгенден кийин демөөрчүлүк менен топтолгон акчалардан оюнчулардын баарына берилет деп айтышкан. Бир күнү баарыбызды “Нават” чайканасына чакырып,  сыйлашты. Оморканов  бизге: “Легионерге биринчи акча берип, сыйлап кетирип жиберели, андан кийин силерге акча беребиз” – деп калды. Балдар өзү айтып жаткандан кийин деп ишенип калды.  Ошол жерден легионер балдар менен сүйлөшүп калсак, арты 1000 доллардан, алды 1500 долларга чейин алышканын айтышты. Бирок Оморканов ал жерден кыргыз балдарга акча берген жок. Балдар канча жолу айтышты. Бирок берем деген акчасын  ушул күнгө чейин бербей келатат. Арабызда акчага муктаж жаш балдар бар. Биринчи кезекте ошол балдар алып, турмуштук муктаждыктарына  жаратса жакшы болмок. Мына ушундай адилетсиздиктен улам бизде Темир деген дарбазаны мыкты тоскон жаш бала хоккейден четтеп кетти. Азыр машыгууга келбейт. Башка иш менен алек болуп кетти.

—БАЭден кийин улуттук команда кайсы мамлекеттерге барып ойношту? Жыйынтыгы кандай болду?

—2019-жылы күз айларында ошол эле улуттук команда  көпчүлүгү легионерлер менен Олимпиаданын акыркы тандап алуу оюндарына катышуу үчүн Люксембургга барып келишти. Бирок ал жактан Европанын начар ойногон биринчи дивизиондогу  командаларын утту. Кайра бир айдан кийин  Румынияга барып, экинчи дивизиондогу командалардан ири эсеп менен утулушту. Мисалы, Румыния командасынан 18: 0гө жеӊилишти. Чынында кыргыз балдардын Европанын  биринчи дивизиондогу начар командаларын утууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок экинчи дивизондогулардан биз-кыргыз балдар деле утулабыз. Себеби, экинчи дивизиондогулар бизден кыйла күчтүү. Ошон үчүн алар менен  теӊ тайлашууга күчүбүз жетпеген соӊ, ал жакка барып убакыт, каражат коротпой бул жактан машыгуубузду күчөтүп, биринчи кезекте Азия оюндарында жакшы көрсөткүчтөргө жетишибиз зарыл.

Эсенов Аманбек, Улуттук курама команданын 2011-2017-жылдардагы капитан командасы

“ Федерация оюнчуларга бир да жолу форма алып берген жок”

Хоккей спорттун кымбат  түрүнө кирет да? Каржылоо, форма ж.б. маселелер кандай болуп жатат? Талапка жооп береби?

 —Эч кандай талапка жооп бербейт. Биз федерация  мамлекеттен, демөөрчүлөрдөн канча каражат алып жатышканын, ал акчаларды кандай иштерге сарптап жатышканын билбейбиз. Ал тууралуу бизге толук маалымат беришпейт . Стипендия деген түшүнүк жок. Формага деле акча берилбейт. Болгону  5-6 миӊ сомдук клюшкага акча бөлүшөт. Форманы балдар өз акчаларына алып жүрүшөт. Анысы аз келгенсип, ар бир машыгууга ар бир оюнчу 3000 сомдон төлөйт. Кыскасы, хоккей оюнчулары бул оюнду сүйгөндүктөн өзүн өзү камсыз кылып, жылаӊач баатыр болуп ойноп келатышат. Мисалы, хоккейде эӊ кымбат форма 3000 доллар, андан да ашкандар бар. Бул эми өнүккөн мамлекеттердеги хоккей оюнчуларына таандык формалар. Биздики арзан эле. Мисалы, меники 30-40 миӊ сомго чейин бааланган форма. Негизинен биз эскилерин эле чогултуп сатып алабыз. Бирок көп оюнчуларыбыздын формалары бир топ эле арзан. Мына ошол форманы биз аздектеп бир топ жыл кийип ойноп келатабыз.

Кыргызстандын чемпионаты менен Жумгалда өтүп келаткан республикалык ачык турнирдин деӊгээлин кеп кылсак.  Анвар Оморкановдун Жумгалдагы  турнирге  барып моралдык жактан колдоого алып сүйлөп койгонго жарабаганын көп эле айтып жүрүшпөйбү. Оморкановдун орун басары Жакыпов Мурат байкебиз  жумгалдык болгону үчүн уялганынан  деле барып жүрөт окшойт…

Сиз да туура баамдагансыз. Оморканов Анвар Жумгалга федерациянын президенти катары бир да жолу барган эмес. Барса, бир ирет эл азырак Миӊ-Кушка барган болсо керек эле. Ал тургай Бишкектен деле ошол хоккей оюнун колдоого алып, демөөрчү болгондорго ыраазычылык айтканын деле көргөн, уккан эмеспиз. Чынында хоккейди өнүктүрөм деген адам хоккейге ушундай мамиле кылса болобу? Ал эми Мурат байкебиз Оморкановдун тилинен чыкпайт. Сиз айткандай өзү жумгалдык болгон үчүн Жумгалдагы турнирге  уялганынан деле барат да. Бирок ачык айтайын барган менен федерациянын атынан эч кандай берейин деп барбайт, болгону оюн көрөт, сыйды көрөт, анан оюнга барган балдардан уялбай жол киреге акча чогултат. Биз ага жол киреге деп 5 миӊ сом чогултуп берип жүрөбүз.

—Эми силер федерация боюнча кандай талаптарды коюп жатасыӊар?

—2011-жылы федерация түзүлгөндөн бери президент болуп келаткан Анвар Оморканов өзүн — өзү билип, федерациянын ишин алдыга жылдырбай келатат. 2011-жылы федерацияга мамлекеттен, жеке ишкерлерден, ар кандай компаниялардан канча акча түшкөнү, ал акчалар каякка сарпталаганы боюнча толук маалымат берсин. Маалымат берип коюп гана федерацияны талапка ылайык башкарбагандан кийин, башка жүгүрүп, күйүп-бышып иштей тургандарга кызматын өткөрүп берсин! Биз бул маселени Жогорку Кеӊештин депутаттарына, өкмөт башчыга, Президент Сооронбай Жээнбековго чейин жеткирели деп жатабыз. 

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

Төмөндө улуттук курама командага сырттан легионер катары келип ойногондордун тизмеси:

1) Денис Алексеев
2) Игорь Журавлев
3) Дмитрий Кабанов
4) Игорь Крюков
6) Андрей Мусин
7) Артем Колобов

8. Кирилл Кудаяров
9) Сергей Осинцев
10) Павел Сазонов
11) Владимир Сорокин
12) Сергей Сорокин
13) Денис Фальфудинов
14) Иван Филиппов
15) Азамат Шидеринов
16)Артем Семилетко
17) Олег Колодий
18) Владимир Ничупуренко
19) Даниил Шушенков
20) Нуржан Ибраимов
21) Антон Кудашев
22) Ринат Мустафаев
23) Владимир Носов
24) Артем Горобец
25) Александр Титов
26) Александр Петров
27) Максим Егоров
28) Кузьма Терентьев
29) Владимир Тонких
30) Михаил Чувалов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here