Бүгүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчилигине каршы наразачылык акциясы  өттү. Акциянын катышуучулары Асанакуновго кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар деген өңдүу кинелерди коюшуп, ошондой эле нааразы тарап “Кесиптик кошуундар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршылык билдиршкен. Бул мыйзам кабыл алынса,  аталган федерациядагы буга чейин болуп келген өзүм билемдик иштерге чекит коюла турганы айтылган. Бирок федерациядагы 30га жакын комитеттин төрагаларынын басымдуусу ал мыйзамга каршы. Уюштуруучулар нааразылык акциясына кесиптик кошуундардын эки жүздөй мүчөсү чыгышканын, төрт киши Асанакуновдун иш бөлмөсүндө ачкачылык кармап отурганын билдиришкен. Асанакуновдун кабинетин жулунуп кирип баргандардын бири Канат Осмонов менен Мирбек Асанакунов айтышып, Асанакунов анын жетекчи болуп турганда 10 миллион сомду жеп алып, 3 жылга кесилгенин айтып, эми  бул жерде сүйлөөгө укугу жок экенин айтты. Кыскасы, Профсоюздар федарациясынын  буга чейинки жетекчилеринин ишмердүүлүгүнү коррупциялык иштерин буга чейин сайтка жарыялаганбыз. Алардын баарынын ишин текшерип, жеп-ичкендерин кустуруп, түрмө түбүнө айдаса туура болот…

View this post on Instagram

Профсоюздагы ызы-чуу…

A post shared by Айбек Шамшыкеев (@aibekshamshykeev) on

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here