Индиядагы Азия чемпионатынан эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынган балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш учурунда жаракат алып, Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү. Бул туурасында өзү «Манас» аэропортунда тосуп алгандарга ыраазылык билдирип жатып айтты. 

«Иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүмө колун тыгып жиберип, көзүмдүн ичи айрылып кетти. Мелдештен чыгаралы деп, бирок агайлар бир айлампа күрөшүп көр дешти. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Азыр ким, канча киши келди жакшы көрбөй жатам», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here