Өкмөттүн бүгүн өткөн жыйынында Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери калганы айтылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын белгилеп, эгерде 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын саны 262и экенин кошумчалады. Абылгазиев жеӊиштин 75 жылдыгы 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгилене турганын билдирди. Маалым болгондой, 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. 2018-жылы ардагерлердин саны 475 болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here