Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго козголгон иши кайра каралмай болду.  Иш Жогорку сотто  анын ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу каралмакчы.

«Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталган Карганбек Самаковду 2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка шериктеш болуу», «Коррупция» беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Аны менен кошо дагы беш адам, алардын арасында уулу Кубанычбек сегиз жылга кесилген. Өткөн жылы алар №26 жатак абакка которулган. Ал эми дагы күнөөлүү деп эсептелишкен экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here