Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын 61и Кытайдын жарандары экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта: Кытайдан келген 1000ден ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөнү айтылат. Учурда Кытайдан тышкары 29 өлкөдө катталган коронавирус 77 миң адамга жуккан. Басымдуу көбү Кытайда. Жалпысынан 2692 адам каза болду, 25 миңдейи айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here