Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин 68 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды. Маалым болгондой карата өмүрү өткүчөктү жаза өтөө өкүмү чыгарылган. Укук коргоочу уюм Аскаровдун иши боюнча сот адилетсиз болгондуктан, кыргыз бийлиги ага карата өкүмдү жокко чыгарышы керек деп эсептейт.

«Азимжан Аскаровду камакта кармоо — Кыргызстандагы адам укуктарынын тарыхындагы олуттуу так. Ал токтоосуз бошотулуп, керектүү меджардамга ээ болуп, 10 жыл адилетсиз абактатан кийин үй-бүлөсү менен биригүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек», — дейт Human Rights Watchтун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Уильямсон Аскаровдун адвокаттарына таянуу менен укук коргоочунун ден соолугу начарлап баратканын билдирип, ал эми анын абакта кармалуусунун шартын «адекватсыз» катары баалады.

Human Rights Watch укук коргоочунун адвокаттарына таянып билдиргендей, Аскаровдун ишинин Жогорку сотто каралуусу «даттануу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болуп калышы мүмкүн. Маалым болгондой Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясынын эӊ башкы баштоочусу, уюштуруучусу катары өмүр бою эркинен ажыратылган. Аны абактан чыгаруу эч кандай акылга сыйбайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here