Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун эки өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартканы маалым болду. Анын адвокаты Кулматовго Москвадагы 90го чамалап калган ата-энеси менен жолугуп келүүгө жана банктык картасын иштетүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүч келтирилген.

Бүгүнкү отурумда жабыркаган тарапка сөз берилмек. Бирок, адвокаттын айтымында, алар даяр эмес экенин айткан соң сот кийинки жума, 28-февралга калды. Буга чейинки отурумга жабыркаган тарап келбей калган.

Шаардык сотто Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралууда.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Эмне, Кулматов курортто жатты беле, каалаган жагына баргандай! Түрмөнүн мыйзамын да , өзүлөрү каалагандай жасагылары келет суки! Жедибиңби, отур да көтту кысып!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here