Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 150дөй адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Көзөмөлдө тургандардын дээрлик баары теӊ Кытайдан келегндер болуп эсептелет. Алардан атайы обсервацияда анализ алынып, текшерилип жатат. Бул атайы жайдан текшерилгендендин саны 800гө чукулдап, анын 600дөн ашыгы үйлөрүнө чыккан.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 25 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 76 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2239 адам каза болду, 18 миңден ашууну айыгып чыкты. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here