Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жергиликтүү спортчу Сонам Сонамды 11:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду. Эске сала кетсек, Бүгүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттешинде эле жеңилип калган.

Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here