Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттешинде эле жеңилип калды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматта: Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, алгачкы таймашта эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилип калганы айтылат. Беттештин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеӊишти камсыз кылган. Эми япон балбаны финалга чыкса, Айсулуу коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат

Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here