—Досжан Шамшыкович, сиздердин компания бир канча жылдан бери Президенттин резиденциясында курулуш иштерин жасап келет экен. Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи.  

—Мен жаш кезимен курулуш тармагынын бардык тепкичтерин басып өттүм. Бул тармакта иштеп жатканыма быйыл 34 жыл болду. Эң алгачкы жолумду Россияда Түндүк Муз океанынын жээгиндеги Ямал жарым аралында баштагам. Мен ал жакта Тюмень индустриялык билим алып, эки жарым жыл курулушчу болуп иштедим. «Уренгой — Помары — Ужгород»  деген долбоор менен 48 чет мамлекеттик фирмалар менен иштешкенбиз. Аскер кызматынан кийин эле комсомол уюму менен ошол жакта калып калдым. Жалпы узундугу 4451 км болгон газ проводду камтыган долбоордо иштеген адамдарга үй салчубуз.

Азыр биз “финский үй” деген жыгач үйлөр чынында фин үйлөрү эмес, алар такыр башка болот. Дубалы 5 см болсо да, жылуу, чогултуп, кайра чечүүгө мүмкүн болгон үйлөр. Ошолорду куруп жүрдүк. Биздин мекеменин өзүнүн эле эки товар поезди, эки жүк ташуучу самолёту болор эле. “Глав Уренгостройдо” 60 миң киши, анын алдындагы биздин башкармалыкта 20 миң киши иштечү. Ошол компанияда комсомол комитетинин сектертары болдум, 60 миң адам иштеген компанияда  профсоюз уюмунун президиумунда мүчө болчумун. 20-21  жашымда СССРдин көчмө жыйыны ошол жакта өтүп, анда делегат болгом. Шаар курулганынын 10  жылдыгы болгондо, Горбачев келген. Мамлекет башчылары менен жаш кезимен бери жолумду жакындатып койсо керек. Былтыр «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында ШКУга карата жаңылоо иштерин жасадык. Ошондо Сооронбай Шарипович менен иштешип калдым.  Бул киши өзү келип, жумуш үстүндө карап кеткен учурлар болду. 12 президенттин делегациясы, 400дөн ашык журналист келип чагылдырган иш-чарага имараттарды даярдадык, бирөө да сын айткан жок.

Өкмөттүн токтому боюнча өзгөчө кайтарылган зонаны Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик курулуш ишканасынын мониторинги менен жактырылгам. 14 жылдан бери алардын ишин жасап келе жатам. Президенттерди тосуп алган мрамор шатеру жасалды. Тартылган чөйрөдө жолугушууда мурда котормочулар залдын бир бурчунда кичинекей буткада олтурчу. Биз 12 котормочу бир мезгилде которуп бере турган шарттарды түздүк. Мурда алардын кийимин чечкен жери, дааратканасы каралган эмес. Мисалы президенттер келгенде, бардык тарап тосулуп калат, кыймыл токтойт. Ошондой учурда котормочулардын өзүнүн территориясы пайда болду. Мурда эки гана президент олтуруп, чай ичип сүйлөшкөн жер болсо, азыр 12 президент бирден котормочусу болгондо да, 24 киши олтурган чай бөлмөсү салынды. Мурда ал жерде бир эле ажаткана болсо, азыр эркектер үчүн үч, аялдар үчүн бирди жасадык. Жыгач-таштарын жаңырттык. Заманбап эки кабаттуу мейманкана комплекси да салынды.

Дизайнды да өзүңүздөр тандадыңыздарбы?

—Дизайнга Президенттин иш башкармалыгы конкурс жарыялайт. Өткөн долбоор Президент менен макулдашылат, анан дизайнер кимди тандаса, өз эрки. Бул иштер Андрей Крипачев деген жигиттин дизайны менен жасалды. Ушу бала жаш болсо дагы, мамлекет башчылар эмнени ойлоп турганын билген, ой жүгүртүүсү кенен жигит экен. Көп эле дизайнерлер менен иштешебиз, көбү интернеттен уурдап алышат. Бул өзү чыгармачылык менен иштейт.

—Ушул иштин баарын канча мөөнөттө, канча адам жасады?

—Курулушту бүтүрүш үчүн 527 киши тартылды. Мен азыр өзүм таң калам, кыска мөөнөттө бүттүк. Өкүнүчтүүсү ШКУга бир ай, он күн калганда, ширетүүчүлөрдүн этиятсыздыгынан курулушта өрт чыкты. 50дөй бала ширетүү менен иштеп жаткан. 3 чоң имарат 90 пайыз бүткөндө, көз алдыбызда күйүп кетти. Ошону бир ай он күндө кайра калыбына келтирдик.

—Чыгымдарды өзүңүздөр төлөп калдыңыздар да?

—Бул жерден тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү деп шылтаганда болбойт эле. Акыры жетекчи жооп бериш керек. Мен тергөө органдарына да ошону айттым. Териштирип жүрүүгө убакыт жок болчу, ШКУ өтөөр маал жакындап калган. Бул өтө чоң жоопкерчилик эле, өрттү карап олтуруп, кан басымым көтөрүлүп кетти, эки бутум иштебей калды. “Тез жардам” алып кетем дегенинен баш  тартып, мамлекеттен ашыкча бир тыйын албай мөөнөтүндө бүтөм дедим. Атайын план түзүп, ишке кайрадан катуу киришип, өз мөөнөтүнөн кечиктирбей тапшырдык.

Курулуш иштери бүткөндө, менин суранычым боюнча ишимди ийне-жибине чейин 12 адамдан турган комиссия 6 ай текшерди, акырында жакшы баа беришти.

—Сизге чоң иштерди тапшыруу ишеничине кандай жеттиңиз эле?

—Бакиевдин учурунда бир жумушка конкурс жарыяланып, тез арада бүтүрүшү керек болуп калган экен. Анан мени билгендер «мөөнөттөн коркпогон эле сен элең, конкурска катышып көрбөйсүңбү» деп калды. Ала-Арча жаратылыш паркында Президенттин дачасы бар. Ошонун артында кыргыз боз үйдүн үстүнө шатер жасоо керек болуптур. Себеби, ал жакта күн бүркөлсө эле жаан жаай берет. Чет элдиктер келгенде, боз үй өз турпатын сактап турушу керек да. Анан ал жерге боз үйгө окшоштуруп шатер жасап бердим. Ошо менен иштешип калдым. Көлдөгү ипподромдун вибзонасын жасадым.

—Куруучуларды кандай тандайсыз?

—Мен өрт болгондо балдарды чогултуп айттым. Белгилүү эле мөөнөткө иштейм деп келгендер бир жакка, өрт болду, айлык төлөй аласызбы, биз бала-чакабызды багалы деп жүрөбүз дегендер бир жакка, сиз эмне болсоңуз биз да ошол болобуз дегендер бир жакка чыккыла десем, баары бир тарапка өтүп, мени колдошту. Ошондо көзүмө жаш тегеренди. Балдарга айттым, мен башкача адам болом, жонуңардан кайыш тилем, уктабайсыңар, мен да уктабайм дедим. Алар бизге үч саат уйкуга убакыт бериңиз дешти. Ошентип, сүйлөшүп алдык. Материалдын баары четтен -Испания, Италия, Кытай, Чехославакиядан келген эле. Мага материал бергендин баары интернеттен өрт жөнүндө маалыматты көрүп, сизге кандай жардам керек деп телефон чалышты. Эл менен иштешип, бирөөнү да таарынтпаптырмын, алар да мага жардам беришти.

—Россияда канча убакыт  жүрдүңүз?

—Россияда жашаган убагым турмушумдагы эң сонун кезим экен. Жаш болсом да, сыйдын үстүндө жүрдүм. Орто Азиядан жалгыз болчумун. 23 жашта 2 бөлмөлүү үйлүү болдум. Бирок, бир жолу келсем, апам: «Мен сенден жаңылыпмын, бир туугандарыңдын башын бириктирет дегем, өзүң үчүн өтө жакшы адам болуп алыпсың» деди. “Апа, сиз айтыңыз, мен ошондой болом” дедим. Апам үчүн дүйнөнү жаңыртмакмын. Ошо менен жаңы ачылып жаткан Жерүйдүн курулушуна которуу жолу менен келген жалгыз жумушчу болдум.

—Ошо кайсы жылдар эле?

—1991-жылдын аягы. Мен келгенден кийин эле Союз тарап кетти.  Келип, баарын нөлдөн баштадым. Эки жыл жөн эле өзүмө келе албай жүрдүм. Өзүмдү аңга түшүп кеткендей сездим. Себеби, тиги жакта акчаны уучтап кармачу элем, бирөө менен сүйлөшсөм, иш орду менен бүтчү. Россияда кыргызды көргөндө сүйүнчүмүн да, бул жакта ошол кезде бир тууган бир тууганды алдап жатыптыр. Мен топтоп келген акчам инфиляцияда бир торпок алганга жетпей калды.

Ошентип, 1995-жылы инимдин сокур ичегисин туура эмес дарылап салып, бир буту иштебей калганда, Бишкекке келдик. Жокчулуктун айынан батирлеп жүрдүк. Шаардагы кинотеатр, цирктин жанындагы ажатканаларды тазалап, бир сом акы төлөгүдөй кылып иштете баштадым. Намыстанбай эле тазаладык. Беш ажатканадан 500 сомдой акча түшчү. Ал кезде чоң акча эле да. Киши көргүс жерлер оңолуп, каражат бере баштаганда, ал ишимди мыйзамсыз экен деп, туугандарына алып берип коюшкан.

Менин өзүмдүн устачылык шыгым бар. Анан туугандар, кайын журт менен биринчи өзүбүздү көргөзөлү деп, арзан баада курулуш кызматтарын көрсөтө баштадык. Кийинчерек курулуш компанияларга барып, менин кесибим ушул тармакта, жоопкерчилигин алайын, балдар да бар деп, алар менен иштештик.  Ошентип, бизге келгендер көбөйө баштады. Анан 2013-жылы жолдош балам экөөбүз ЖЧК түздүк. Кийин өзүнчө ачтым.

Анан, апаңыз ыраазы болдубу?

—Ооба. Биз 8 бир тууганбыз. Мен төртүнчүсүмүн. Азыр биздин бир туугандардын мүлкү ортодо. Айылдагы үлүш жерлер, малыбыздын баарын иниме өткөрүп бергенбиз.  Иним баарыбыздын жакшылык-жамандыгыбызды мойнуна алган. Баарыбыз барганда мал союп, конокторубузду тосуп алат.

Атаңыздын кесиби эмне эле?

—Атам баба дыйкан болчу. Өмүр бою эгин талаада жүрүп, бизди бакты. Бутунан резина өтүгү түшпөй, суу кечип иштеди. Таң заардан талаага чыкчу. Бир жылдары биз мал бактык. Мен анда 4-5-класстагы баламын. Анан атам ошол тоодон ойго дүрбү салып олтуруп, ыйлап жатат. Эмне болду десем, «Тетиги жерге суу кеч салынып, талаа күйүп баратат» дейт.

Сиздерде жумушчулардын айлык акылары кандай?

—Айлык акылар иштегенине жараша. Маселен, кээ бир бригадалар бар, айына 60-70 миң сом айландыра алышат. Алар тынбай иштейт. Араңарга бир бала кошуп алгыла десем, кошпойт. Себеби, бири-бирине шайкеш келишет.  Кээ бир балдар бар, айлыгын 10 миң сомго көтөрө албайт. Мен бул тармакты ийне-жибине чейин билем, жумушчулардын кимиси кандай иштеп жатканын анын сөзүнөн эле түшүнөм. Адам өзү да аракет кылышы керек да, мен улам жаңыланганды жакшы көрөм. Ноу-хаустарды салып келе жатабыз, дизайнер менен байланышып турам.

Биз Кыргызстандагы санариптештирүү маселесине да өз салымыбызды кошолу деп жатабыз. Өлкө өнүксүн десек, Президентти колдоп, ар кимибиз кадам ташташыбыз керек. Азыр чет мамлекеттен окуп келген балдар менен ар бир айыл өкмөттө ушул багытта иш алып барсак деген изги тилектер бар. Арзан баада санарип технологияларды бизнес секторго жана калктын жашоосуна киргизели кадр жетишпесе, берели деп сунуштап жатабыз. Азыркы учурда Талас, Балыкчы шаарынын суу каналдар ишканасы  менен  бирге бир долбоорду баштадык.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here