Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүүсүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, буларды айтты:

Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген пикирлер айтылууда. 9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент – партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз бул – биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here