Элибиздин белгилүү балбандарынын бири Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматта: Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетип, финалдык беттеште ал жапониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Жоламан Шаршенбеков таймаштарын 1/8 финалдан баштап, алгачкы беттешинде казак балбаны Айдос Султангалини 7:6 эсебинде утту. Чейрек финалда монголиялык Даваабанди Мукхи Эрденени 10:0, жарым финалда ирандык Мехди Сейфоллахты 9:2 эсеби менен жеңип алган эле.

Буга чейин дагы бир белгилүү балбан Азат Салидинов дагы бул чемпионатта күмүш медал тагынган. Дагы эки балбаныбыз коло медалга татышкан. Бүгүн Медетбек кызы менен Марсбек кызы жана Айсулуу Тыныбековалар да килемге чыгышмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here