Менин жардамчым

Бөбөктөргө бир кичине иш кылса эле: «сен менин жардамчымсың» — деп турсаңыз, аларда жоопкерчилик сезим ойгонот. Алар аны баалап жаткандыгын байкап, жардам берүүгө ашыгат.


Сен камкорсуң
Ыраазычылык айта билүү -бул башкаларга кам көрүү. Керек болсо балдар болбогон эле оюнчугун өйдө алып койсо, тамак жеген тарелкасын жууганга салып койсо деле: «Карачы,сен кандай камкорсуң. Рахмат!», — деп аны жоопкерчилик, камкордук жана байкоо жагынан мактап койгонуңар — абдан маанилүү.


Бүгүн биз эмнебиз менен бөлүшөбүз?
Бизге мурдатан эле белгилүү болгон неселер илимий жактан аныкталды: кичкинтай наристелер башкалар менен колунда болгон нерсесин бөлүшсө, досторуна таттуулардан бөлүшүп берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, өзүн бактылуу сезет. Өз колунан жасалган же өзү каткан акчасына берген белеги да аларга бакыт тартуулайт. Күнүнө бир жолу башкалар менен тамагын же оюнчугун бөлүшүп койсо, балага жакшы таасир калтырат.
Бакыт… камкордук…
Бакыт -бул жок нерсеге жетүү эмес, колдо болгонду барктай билүү. Кичине балдар, алар бакыттуу болушу үчүн, аларга жакшы болуу үчүн жасап жаткан аракетиңизди сезбейт. Бирок, эгер сиз алар менен ар дайым колдо болгондун баркын билгенге жана аны байкаганга үйрөтө берсеңиз, алар сөз жок бара-бара сиздин эмгекти да баалай баштайт.
Дүйнөнүн атактуу тарбиячысынын балдарга болгон тарбия -наасаты
Италиядан чыккан, тарыхтагы эң мыкты педагог, дарыгер, окумуштуу, философ жана гуманист Мария Мантессори болгон. Ал бүткүл өмүрүн, чыгармачылыгын балдардын жан-дүйнөсүн үйрөнүүгө, педаогикалык жактан аны өстүрүүгө жумшаган. Юнеско уюму, 20-кылымдагы эң мыкты, дүйнөлүк 4 педагогду аташкан. Алар: америкалык Джон Дьюи, немец Георг Кершенштейнер, Мария Монтессори жана советтик педагог Антон Макаренко.
Мантессори, балдар башкача жандар экендигине чоңдорду ишендире алган.

Педагогдун ата-энелерге берген эң мыкты кеңештери:
1.Балдарды айлана-чөйрө үйрөтөт.
2.Балдарды тарбиялоодо өзүңдөгү эң жакшы нерселерди гана көрсөт, эң жакшы ыкмаларды колдон жана тартуула.

  1. Эгер, сиз балаңызды көп учурда сындасаңыз, анда ал алгач сындаганды үйрөтөт.
  2. Көп учурда балаңызды мактасаңыз, анда баалаганды үйрөнөт.
  3. Баланы колдогон маалда, анын өзүнө болгон ишеними жогорулайт.
  4. Балаңызда болгон жаман сапаттарды жойгонго аракет кылбай эле, жан дүйнөсүн жакшы нерселер менен толтурсаңыз, жаман нерселерге орун калбай калат.
  5. Баланы мектепке эмес, жашоого даярдоо керек.

Назгүл АЧАКЕЕВА.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here