Кыргыз элинин  белгилүү инсаны,  “Даӊк” орденинин ээси, 2011-жылдан бери БШК мүчөсү болуп татыктуу иштеп, элибиздин сыймыктуу уулдарынын бири болуп келаткан Алмаз Асаналиев кечээ күнү туура 60 жашка толду. Алмаз мырза, ушул жашка келгенче кыргыз элине ак кызматын кылып келатат. Эмгек жолун 1980-жылдары Жети-Өгүздүн Шалба колхозунда баштагандан тартып, далай кызматтарда иштеди. 1992-жылдардан тартып Жети-Өгүз акимчилигинде, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустук администарцияларында узак жылдар бою жооптуу кызматтарда иштеп, өзүн элге күйүмдүү, иштерман инсан катары көрсөткөн. Ал эми 2011-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясында жигердүү эмгектенип, мамлекетибизде таза шайлоолордун өтүшүнө өз салымын кошуп келет. Асаналиевдин эл үчүн кыла турган эмгектери али алдыда. Бекем ден –соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалап, ошону менен бирге кылымдан аша өмүр сүрүшүнө тилектешпиз.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here