Балбан Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Индиядагы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште жапониялык балбан Хирое Минагава Сузукиге 4:1 эсебинде утулуп калды.

Биринчи айлампада Айпери Медет кызы өзбек балбаны Муслиха Моминованы 11:0 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда жапониялык Хирое Минагава Сузукиге утулуп калды. Тайпада экинчи орунду ээлегени үчүн Айпери жарым финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда казак кызы Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде жеңди.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары Азат Салидинов (87 кг)​ менен Жоламан Шаршенбеков күмүш байгелердин ээси болсо, Роман Ким (130 кг), Ринат Ильяс уулу (77 кг) менен Руслан Царев (72 кг) коло медаль тагынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here