Улуттук энергохолдонгдин өкүлү электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүү керектигин айты. Аталган мекеменин стратегиялык өнүгүү жана адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Беков билдирди.

Ал бул сөздү Бишкекте бир ушуну менен төртөнчү жолу өтүп жаткан «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020» аталышындагы конгресс-көргөзмө учурунда айтты

1 киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйын. Ар бир киловаттына 30-33 тыйындан жетпей калат. Андыктан тарифтерди бери дегенде чыгымсыз иштей турган деңгээлге жеткирүүнү сунуштап жатабыз. Ушул эле учурда даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүшү керек. Азыр калк үчүн 700 киловатт-сааттан жогорулап кеткенде төлөнүп жаткан 2,16 сом менен өндүрүштүк объектилер төлөп жаткан 2,24 сомдук баа өздүк наркты жаап жатат. Бирок ага чейинки социалдык тариф, тагыраагы, 77 тыйын тууралуу болуп жатат. Электр энергиясынын 70 пайызы ушул тариф аркылуу кетет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here