Бишкек мэриясы электр кубаты менен жүргөн 350 автобусту 50 миллион долларга сатып алууну  көздөп жатат. Мэр Азиз Суракматов Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугуп, автобустарды грант менен насыянын эсебинен алуу маселесин талкуулаган.

Аталган банктын өкүлү Стивен Льюис-Воркман мындай ырааттуу иштин арты менен каражат жыл аягына чейин бөлүнүшү ыктымалдыгын билдирген. Мэрия жаңы автобустарды убактылуу токтотулган каттамдарга же коомдук муниципалдык транспорт каттабаган райондорго жүргүзүү жагын кароодо.

Жаңы автобустар шаардын борборун маршруттардан арылтууга мүмкүнчүлүк берет, өзгөчө Чүй проспектиси — Ибраимов көчөсү — Бөкөнбаев көчөсү — Жаш гвардия проспектиси камтылган аймакты бошотуу каралууда. Экологиялык тазалыгына жана пайдалуулугуна карап газ менен жүрүүчү автобустар сатып алына турганы айтылган.  Бирок шаар жолдорунда тыгын  азайбайт. Эмнеге дегенде мэрия бул маселеге көӊүл деле бурбады. Себеби, жаӊы алына турган автобустар азыркы кичи автобустардан айырмаланбайт. Маселен:  18, 15 автобус, 10 жана  12 орунду автобустар.

Ал эми 12 орундуу электр энергиясы менен жүрүүчү 55 автобус боюнча чечим бардык мүмкүнчүлүк ийне-жибине чейин каралып чыккандан кийин кабыл алынат.

Учурда  «Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын балансында 477 автобус бар, алардын 190унун гана абалы жакшы. Күн сайын линияга 12 каттам менен 135 автобус чыгат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here