Акыркы учурларда Жеӊиш Молдокматов башында турган “Замандаш” партиясын  бийликтин “Биримдик” деп аталган партиясына кошулат экен деген  такталбаган  маалыматтарды айрым ЖМКлар жаны калбай эле көбүртүп-жабыртып жазып жатышат. Чынында андай маалыматтар туура эмес. Быйылкы шайлоодо “Замандаш” партиясы  “Биримдик”  же башка бир партиялар бирикпей эле, өз алдынча катыша турганы буга чейин эле маалым болгон. Анткени, бул партия көптөгөн партияларга салыштырмалуу таза жана эл ишенимине кирген. Андыктан бир катар партиялар “Замандашка” кошулуп, шайлоого катышуу ниети бар экени да ачыкталып жатат. Бул жагынан Жеӊиш мырза кандай чечим кабыл алат, аны убакыт көрсөтөт.

Ал эми береги видео маекте Молдокматов мырза азыркы саясат, шайлоо, экономикадагы бир топ көйгөйлөрдү жакшы айтып берген:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here