—Абдыбек мырза, жакында ЖКнын 21 депутаты шайлоодогу  9 пайыздык босогону 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты. Алардын арасында сиз да барсыз. Колдоо табат деп ишенесизби?

—Белгилүү болгондой Жогорку Кеӊештин бир топ депутаттары шайлоодогу босогону 9 пайызга көтөрүүнү колдошкон. Бирок ошол эле авторлор бир канча убакыттан кийин позицияларынан тайып, 9 пайызды эмес, 7 пайызды колдоп калышты. 2015-жылы 7 пайыздык босого менен парламентке 6 партия  өткөн. Бул чоӊ жеӊиш болгон. Кээ бир партиялар 9 пайыз  менен парламентке өтпөй кала турганын сезишти окшойт. Менимче,  биз демилгелеп жаткан  бул мыйзам колдоо табат деген ишенимдемин

—Өмүрбек Текебаев жакында Республика менен КСДПнын  колдоочулары Ата Мекенге оойт деген кеп айтты.  Ошондо бул сөз сизге да тиешелүү болуп жатпайбы. Сиз Тоӊдон 7 миӊдей добуш алып, депутат болгонсуз. Чындап эле сиздин колдоочулар Текебаевге ооп жатабы?

—Эч качан ообойт. Текебаевдин бул айтканы логикага сыйбай турган сөз.  Айтылган сөзгө далил болуусу кажет да. Турмуш чындыгы деген башка. Азыркы учурда кайсы партиянын ахыбалы кандай болуп жатканын жалпы эл билип турат. Дагы бир маселе бул партия 2015-жылы шайлоодо элге берген убадаларын канчалык деӊгээлде аткарды? Бул жагын да эске алуу зарыл.

Маек соӊунда, кичи мекениӊиз Тоӊ районундагы социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине кандай жардам кылып жатканыӊыз тууралуу учкай кеп кылсак.. Себеби,  акыркы 10-15 жылда аталган райондон депутат чыкпай, көйгөйлөр  көп экени айтылып келди.

—Ооба.  Туура айтасыз. Чынында Тоӊ районунда чечилбеген көп көйгөйлөр бар. Менин депутат болгонума 2 жылдан ашып калды. 2 жыл ичинде  Жогорку Кеӊеште дагы, өзүмдүн кичи мекенимде да активдүү болууга аракет кылып келем. Сөзүм куру болбош үчүн айрымдарын айтайын. Биздин Ала-Баш деген айылыбызга Араб фондусу менен сүйлөшүп, 400 миӊ сомго таза суу чыгардык. Ушул эле айылга 275 орундуу жаӊы мектеп салуу маселесин демилгелегенбиз, буйруса колдоо таап жатат.  Бөкөнбаев айылына таза суу чыгаруу маселеси көптөн бери айтылып келген. Бул ишти президентибиз да колдоп берип, 240 миллион сом бөлүнүп, буйруса курулуш  иши жүрүүдө.

Дөӊ-Талаа айылына 150 орундуу жаӊы мектеп салуу иши да колго алынды. Кызыл-Туу айылынын мектебинин ашканасын оӊдотууга салым кылдык, ошондой эле бул айылга быйыл жаӊы бала-бакча курууну демилгелеп жатабыз. Кара-Коо айылындагы салынып жаткан мектеп бүтө элек эле, анын да курулушун жандантуу үчүн спикер Дастан Жумабеков менен барып, 10 миллион  бөлүү ишин ишке ашырдык десек болот. Тогуз-Булак айылына дагы жаӊы мектеп курулуп жатат.

 Ак –Өлөӊ  айылынын 2 миӊ гектар жерине суу чыгаруу үчүн Орто-Токой суу сактагычынан бери 16 чакырым жерден суу алып келүү үчүн 511 миллион сом керектелет экен. Бул ишти сүйлөшүүлөрдөн кийин  Кытай бүтүрүп бере турган болду. Каналдын курулушуна капсула салуу ишине президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышкан. Буйруса, курулуш иши быйыл жылдын аягына чейин аяктайт.  Канал курулуп бүтсө, Оттук айылынын дагы 500 гектар жери суу менен камсыз болмокчу.  Ушул эле айылга жаӊы мектеп салуу маселеси чечилип, анын да курулуш иши башталган.  Кыскартып айтканда,  мына ушул сыяктуу иштер көп эле. Мындан тышкары, жол, спорт зал ж.б салуу да айылдарда колго алынууда. Өзүм дагы  өз каражатымдан  колдон келишинче жардам кылып келем.                                                                                               

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here