Абдыбек Кашымбекович, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” ишканасындагы коррупциялык элементтерден улам анын жетекчиси Козубаев иштен алынды. Сиз  ал мекемени департамент болуп турган кезинде  бир нече  жыл жетектегенсиз. Ички ишин, милдетин так билесиз да. Өкмөт “Унаа” ишканасы түзүлгөндө баары укмуш болот деп  бир топ мактады эле. Бирок иш жүзүндө андайды коомчулук көрө албады. Мына ушул маселелер боюнча оюӊузду ортого салсаӊыз…

—Бул мекеме Транспорттук каражаттарды  жана айдоочулук курамдарды каттоо департаменти деп аталчу. Мен ошол департаментти 5 жыл жетектегем. Өзүӊүз айткандай өкмөт реформалык багыт деп коррупциялык элементтерден алыстатуу максатында “Унаа” мамлекеттик ишканасы деп өзгөрткөн. Бирок аты өзгөргөнү менен  заты, аткарган иши, милдети  мурункудай эле калган. Аталган ишкананын  эки гана чоӊ милдети бар. Анын бири элдин унаасын каттоого  алып, техпаспорту аркылуу мамлекеттик номер берип, ал унаанын кимдики экенин аныктоо да. ЖМКларда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине 100гө жакын кылмыш   иши козголгонун жазып чыгышпадыбы. Эмнеге мынча көп кылмыш? Себеби,  чет мамлекеттерден алынып келип жаткан кымбат баалуу  машиналардан бажы төлөмдөрү алынабай калганы айтылды. Чынында кымбат машинанын бажы төлөмдөрү абдан кымбат. Кээ бир адамдар андан качып, жасалма документ кылууга аракет  кылышат экен.  Коопсуздук кеӊешинин чечими боюнча “Унаанын” директору Козубаев кызматтан алынды. Кемчиликтер кадр маселесинен көбүрөөк кетти окшойт. Аталган ишканада туура эмес келишимдер түзүлүп  келгенин журналисттер да көп жазышты.

—Эми Алимжан Козубаев   жоопко тартылышы керек деген кептер көп айтылууда…

—Бул маселени эми укук коргоо органдары жакшылап териштиришет да. Айтор убакыт көрсөтөт…

—“Унаа” ишканасынын иши кыйла жеӊилдеди да. Себеби, азыр мекемелер  заманбап тейлөө түшүнүгү менен заманбап жабдыктар аркылуу кыйла сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болот. Бирок “Унаада” андай сапаттуу тейлөө болбой, нааразы болгондорду көп эле көрүп жүрөбүз?

—Туура, заманбап жабдыктар аркылуу элге кызмат көрсөтүү чынында кыйла жогорку деӊгээлге чыгып жатканы – бул турмуш чындыгы. Мына ушул маселе сиз айткандай “Унаага” да түздөн-түз тиешелүү. Азыр “Унаа” мамлекеттик ишканасында айдоочулук күбөлүктүн бланктары, техпаспорттор убагында берилбей, өтө кеч келип, Кыргызстандын жарандарына көйгөй алып келди. Айрыкча чет мамлекеттерге кетебиз  деген жарандарыбызга кыйынчылык жаралды. Бүгүнкү күндө тендерден утуп алган компания күбөлүктү ж.б. өз убагында берип жатабыз деп билдирүү кылганы менен чындык башка жыйынтыкты көрсөтүп жатпайбы. Баасы арзандады дешти. Мурун айдоочулук күбөлүктүн баасы 900 сом болчу, азыр 730 сом  экен. Бирок жаман жагы  күбөлүктү жасаган компания менен түзүлгөн келишим сом менен эмес, евро менен түзүлүп калыптыр. Демек, евронун баасы өсүп кетсе, айдоочулук күбөлүктүн дагы баасы өсөт. Дагы бир жагымсыз жагы айдоочулук күбөлүктү алуу механизми оорлошуп калыптыр. Мисалы, биз иштеп жүргөн кезде жарандар окуусун бүтүп, экзаменин тапшырып, кассага  акчасын төлөгөн соӊ, 20 мүнөттүн ичинде эле айдоочулук күбөлүгүн алып кетишчү. Азыр эми бул процесс эки-үч күнгө созулуп калып, нааразычылык болуп жатканын угуп жатабыз.

—Ушундай тескери көз караштын баары эле жетекчиден көз каранды эмеспи.Азыр эми күчтүү жетекчи келсе эле мындай көрүнүштөр, коррупциялык элементтер жоюлат да…

—Туура, жетекчи кол алдындагыларга  туура талап, катуу тартип коюп,  иш билгилик  менен  иш алып барса эле баары ордуна келет. Чынында жетекчиден негизги багыттагы иштердин кандай деӊгээлде аткарылып жаткандыгы көз каранды болуп турат. 2012-жылдары биз иштеп турганда  Кыргызстанда мекемелер арасында биринчилерден болуп  Бишкекке жана Оштогу бөлүмдөрүбүзгө видео көзөмөл орнотуп, алардын иштеши боюнча онлайн көзөмөл жагын укук коргоо  органдарына бергенбиз. Ал нерсе коррупциялык элементтерди өз убагында алдын алып турууга шарт түзүп турган.

—Ат-Башыга салына турган логистикалык борборго жергиликтүү эл каршы болуп, улам-улам митинг кылып жатышат. Бул маселеге сиздин көз карашыӊыз кандай?

—Логистикалык борбор курулса, экономикалык жактан алганда биздин мамлекет үчүн утуш эле болмок. Бирок логистикалык борборду Ат-Башыга куруу маселесин жергиликтүү элге башында эле жеткиликтүү түшүндүрө алышпагандыктан эл нааразычылык билдирип, митингдер менен коштолду. Акырында ал борбор ат-Башыга салынбай турган болбодубу. Чынында жергиликтүү эл логистикалык борбордун маани-маӊызын толук түшүнбөй калды Алардын корккону  Кытай тараптан экспансия маселеси күчөйт деген маселе болуп турат. Мына ушул маселе да элге абдан дыкаттык менен тереӊ түшүндүрүлүшү керек эле. Эгерде баары талапка ылайык  маалыматтар элге  өз убагында жетип турса, мындай түшүнбөстүктөр болбойт эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here