Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алды. Бул тууралуу маалыматты Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Маалыматта: алардын арасында Кыргызстандын бир жараны, ошондой эле Жапониянын, Кытайдын, Австралиянын, АКШнын жарандары бар экени айтылат

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат такталып жатканын билдирди.

«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөт. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

Кытайда катталган коронавирус 17-февралга карата 70 548 адамга жукту. Андан өлгөндөрдүн саны 1770 кишиге жетти. Кытайдан башка 30 өлкөдө бул дартка чалдыккан 300 учур катталган. Алардын ичинен төртөө каза болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here