Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин орусиялык «Торпедо-Москва» футбол клубу менен келишим түзгөнүн аталган клубдун сайты жазып чыкты.  Кичин буга чейин Беларустун «Динамо-Минск» футбол клубунун катарында быйылкы жылдын 12-февралына чейин ойногон. Ошондой эле орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон. Эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди былтыр 1,5 миллион еврого баалаган жана ал азыркыга чейин Кырызстандагы эң кымбат футболчу болуп саналууда. «Торпедо-Москва» футбол клубу Орусиянын улуттук лигасында ойнойт жана учурда 20 команданын ичинен экинчи орунду ээлеп турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here