Кармалган криминалдардын арасында РАИММИЛЛИОНго жакындар да бар

Интернет айдыӊында Ошто крминал чөйрөсүндө жүргөн 5 баланы колго түшүрүп, кармап жатканы боюнча тасма тарады. Бул окуя 29-январда Оштогу “Изюм” кафесинин жанында  болгон.  Кармалгандардын бири Оштогу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунар Сайпидиновдун тууган Нурбек Раимбеков экени айтылууда. Маалым болгондой Сайпидинов РАИММИЛЛИАРДдын өкүл баласы катары коомчулукка Дубайдагы чектен аша эс алууларын интернетке мактаныч катары жарыялаган соӊ таанымал болгон. Кармалган бешөө теӊ мурун Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо болушкан. Алар эми март айынын аягына чейин СИЗОго камака алынышкан