Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Алишер Абдрахманов Баткен облустук аппаратынын эмгек жамаатына бүгүн тааныштырылат. Ал 58 жашта. Баткен облусунун, Баткен районунда туулган. Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Негизинен ички иштер тармагында иштеген. 2001-2002-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. 2012-2013-жылдары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген.
2014-жылы «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2016-2018-жылдары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here