Кыргызстандын грек-рим күрөшү (87  кг) боюнча учурдагы чемпиону  Азат Салидинов ушул күндөрү Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты. Ал алгач Тажикстандын балбанын 4: 2 эсебинде  жеӊген соӊ, ирактык балбанды 9:0 эсеби менен уткан. Иран балбанынан 0:7 эсебинде утулуп жаткан. Бирок беттеш бүтөрүнө 6 секунд калганда иран балбаны  алган жаракатынан улам беттешүүдөн баш тарткан.  Ал эми финалда индия балбаны – Кумар Сунил менен бетешип, 0:5 эсеби менен жеӊилүү ызасын тартып калды. Белгилей кетсек, Азия чемпионаты Индияда бүгүн башталган. Бүгүн килемге Кыргызстандын 5 балбаны чыгышкан.  Ренат Ильяз уулу  менен Роман Ким  коло медалы  медалы үчүн таймашмай болушту.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here