Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылынын эли Президентке, Өкмөт башчыга жана жергиликтүү бийликке кайрылышты. Алар айылда спорт зал жоктугуна байланыштуу дене тарбия сабагында балдар кыштын суук күндөрү да сыртта ойноого аргасыз экенин жана бул өзгөчө кенже класстын балдары үчүн оор экенин айтышат. Элеттиктер ошондой эле, аталган айылдагы Ыбырай Сооронбаев атындагы мектеп 1938-жылы пайдубалы жок салынып, кооптуу абалда экенин кошумчалашат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here