УКМКнын атайы даярдыктагы «Альфасы» Дубайда өткөн SWAT Challenge 2020 аттуу эл аралык машыгууда 41-орунду ээледи. Ал бута атууга жалпысынан 46 мамлекет катышкан. Машыгуу 9-февралда болгон. «Альфа» жоокерлери жалпысынан 00:29:14.19 жыйынтыкты көрсөтүшкөн. Биринчи орунду Дабайдын полиция кызматкерлери алышкан, ал эми экинчи орунга Россия, 3-орунга Белорусь мамлекеттеринин күч түзүмдөрү татыган. Кыргызстан бул машыгууга быйыл бирични жолу катышты. Эске сала кетсек, Опумбаев жетектеген УКМКнын бул «Альфасы» Кыргызстанда Кожокеӊ айтмакчы, «элитага» кирет. Бирок аталган күч түзүмү Кой-Таш окуясында «мактаган кыз тойдо осурат» болуп, «үйдө баатыр, жоодо жок» экенин иш жүзүндө эӊ сонун көрсөтүшкөн…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here