Бүгүн  Ат-Башыда   соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү.  Бул жолу өткөндөгүгө салыштырмалуу митингге көп адам келди. Абылгазиев, буга чейин “логистика борборунун салынышына соцсеттен 20-30 адам эле каршы чыгып жатышат” деп Кудайды карабай калп айтты эле.  Митингге келген адамдардан көбү бийликке нааразычылык билдирип жалындуу сүйлөштү. Чолгулган элдин жалпы саны 2 миӊдин тегереги болорун митинге катышкандар эсептешкен.  Абылгазиев чогулган 2 миӊ адамга эми эмне деп айтат? Дагы эле 20дай адам чыкты дейби, же көбөйтүп 200 ада дейби, балким алар акча менен чыгып жатышат деп бакылдайбы? Айтор, Ат-Башы эли бийликке логистика борборун кандай болгон учурда да салдырбай калышты окшот. Анткени, Нарын эли намыстуу эл.

Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышууда. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн бири: «Бул токтом 2020-жылдын 28-февралында жокко чыгарылбаса Ак үйдүн алдында президент Сооронбай Шариповичти жоопко тартуу маселесин көтөрүүгө чакырам» — деди. Бул митинге Ат-Башынын акими Жакыпбек Субакожоевди сүйлөтпөй коюшкандыгы айтылууда. Бүгүнкү митинге Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү да келген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here