17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышууда.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат. 2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here