—Арстанбек байке, сиз ИИМдин Академиясында билим алгансыз. Милициянын отставкадагы подполковнигисиз. Бирок, азыр  психология сабагынан окутуучу болуп, анан ушул тармакта эмгектенет экенсиз. Кандайча бул тармакка ооп кеттиӊиз?

—Мен алгач Россияда Урал университетинде Орус филология факультетин аяктагам. Анан МВДнын Академиясында билим алдым. Аталган Академияда криминалистикадан жана юридикалык психологиядан сабак бердим. Ошол сабактарды Улуттук университетте дагы өтчү элем. Улам тереӊдетип билим алып жатып, профайлингге кызыгып кеттим. Бул тармакта 2014-жылдан бери эмгектенем. 2016-жылы Москвадагы Эл аралык калпты изилдөөчү окуу курстарын бүтүрдүм. Профайлер-верификатор болдум, бул аныктоочу, тастыктоочу дегенди билдирет.

Кесипке ээ болуп, 2018-жылы Манас жана Ош аэропортторунда авиациялык коопсуздук кызматчыларын башкача айтканда, 190 профайлерди даярдагам, 23 бажы кызматкерлерин, ИИМ, УКМКнын, салык, прокуратура кызматкерлерине дагы билим бердим.

Профайлинг-англис тилинен келеген сөз «profiling», «портрет», «сүрөт»- бул социалдык-психологиялык методика, маалыматты  калп, жалган же болбосо чындыкка жатарын вербалдык эмес мимика, кол жаӊсоо, дене кыймылдар менен башкача айтканда, калпты аспапсыз-полиграфсызбилип-таануу.

Бул методика 20-кылымдын 70-жылдары израилдик атайын кызматтар тарабынан авиациядагы коопсуздукту палестиналык террорчулардан сактоо максатында иштелип чыккан. Жүргүнчүлөрдүн, тосуучу, узатуучулардын арасында жардыруучу ок-дарыларды, уулуу заттарды, контрабанда аркылуу товарларды,  наркотиктерди алып өткөнгө ой-максаттары бар адамдарды тышкы келбети- мимика, психофизиологиялык көрүнүштөрүнөн, маселен, кызаруу, кубаруу, тердеп, титиреп кетүү, кол жаӊсоолор, дене кыймылдары аркылуу, жүргөн-турганынан, байкоо жана атайын сурап- билүү маегин жүргүзүп туруп билип-таануу.

Анда бул тергөөчүлөргө да өтө керек экен да?

—Ооба, укук коргоо органдарында -тергөөчүлөргө сурак  убагында маанилүү. Мындан сырткары, бизнесте олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, келишимдерге кол коёрдун алдында, банкта кардарларга кредит берип жаткан учурда, авиацияда, темир жол, автобекеттерде, метролордо, соода сатык түйүндөрүндө, концерт, оюн-зоок өтүп жаткан түйүндөрдө террорчулуктан коргоо максатында колдонулат.

Бул актёрлорду даярдоодо да өтө керек. Алар өз ролун так аткарууда адам кандай учурда кайсы мимиканы колдонорун, калп, жасалманы чындыктан бөлүп ажырата билүүсү зарыл. Анан медицинада ар кандай учурда оорудум деп келген адамдын мимикасынын жасалма же чын экенин ажыратууга керек.

А. Камчыбеков

Сиз айткан ыкма менен байкоо канча пайыз туура чыгат?

—Көп убакта эле туура чыгат. 90 пайызга жакын десек болот. Андан кийин полиграфка олтургузабыз. Башкача айтканда, кол жазмасына байкоо салабыз. Анда адамдын кулк-мүнөзү 100 пайызга жакын туура чыгат.

Шектүү адам менен аӊгемелешүүгө канча убакыт кетет?

—Атайын маектер бир сааттын тегерегине созулат. Кээде кайталап аӊгемелешүү жүргүзүлөт. Мында атайын суроолор бар. Жайбаракат аӊгемелешип олтуруп, атайын суроолорду бересиӊ. Ошондо адам дароо өзгөрөт. Бетинде, кол жаӊсоолорундо сөзсүз өзгөрүү пайда болот. Андан сен калп айтып жатабы, чын айтып жатабы деп билсеӊ болот.

Калпты кармоонун сырлары менен бөлүшүӊүзчү.

—Калптын белгилери көп. Психо-физиалогиялык реакция деп коёт. Кызарып кубарып кетет.Тердеп кеткени бар. Колу кыймылдап кетет. Бир нече киши менен аӊгемелешкен соӊ, ошонун баарын жыйынтыктап туруп, шек жараткандарды тергөөчүгө өткөрүп беребиз. Калпты айтып жаткан адамдар көп убакта сол колу менен жестикуляция жасашат, себеби, калпты жасалгалаганда, мээнин оӊ жарымы активтүү иштей баштайт, жасалма мимикалык эмоциялар адамдын сол жагынан көрүнөт. Аны микрокөрүнүш катары 200 миллисекунданын ичинде, атайын билими бар, профайлерлер көрө алышат. Калпты айтып жаткан адамды жөнөкөй киши деле байкаса болот, бети-башын, оозун ушалап, көзүн ала качып, көз ирмемдер пайда боло баштайт, колун кайчылаштырып, бооруна кысып, көрсөтпөй ылдый катат. Чекеси, ууртунун үстү, алаканы, мойну тердей баштайт. Таӊ калса, корксо, көздөрүнүн каректери чоӊойуп, кичирейип, жинденсе, жаман көрсө, оор, тез-тез дем ала баштайт. Мурдунун ичи шишип, кычышат, оозу кургап, шилекейин жута баштайт. Калпты айтып жаткан эркектер  ылдый жерди карайт, аялдар шыпты карап, тез-тез сүйлөй башташат.

Негизи бул жашоодо калп биз ойлогондон да көп айтылат. Бири бирин тааныбаган адамдар 10 мүнөттүн ичинде 3 жолу калпты колдонушат, бир күндүн ичинде орто эсеп менен 4-5 жолу чоӊ залакасы тийе турган калпты айтышат, майда-чүйдө 200 жолу айтышат. Көп учурда сатуучулар (64%), дарыгерлер, сотто иштеген адамдар, саясатчылар, артисттер, финансы тармагында иштегендер айтат. Негизи, түшкү саат 12ге чейин адамдар калптан алысырак болушат, түштөн баштап кечке чейин калп көбөйө баштайт, түнгө жакын калпты колдонгону көбөйөт.

Эркектер бир жылдын ичинде орто эсеп менен 1092 жолу калпты колдонушат. Алар 70% абалда өздөрүн күнөөкөр сезишет. Аял кишилер 728 жолу калпты айтышат, аял киши калпты көп айтат, 82% абалда калпты айттым деп күнөөлөрүн сезишет, бирок баардык адамдарга пайдасы тийсин деп, калпты ички сезим (интуиция) аркылуу билип таанышат. Эркектер болсо системалык түрдө, өзүн коргош максатында, катыштарды сакташ үчүн, жаӊжалдан  качып айтышат. Калптын эки формасы болот: Чындыкты билип туруп унчукпай коюу жана таптакыр эле бурмалоо.

Сиз бул тармакта Кыргызстанда жалгыз адис экенсиз. Көп эле каражат тапсаӊыз керек?

—Тренингдер аркылуу гана.

Профайлинг жашоодо канчалык маанилүү жана бизде ага болгон мамиле кандай?

—Чындыгында бул өтө маанилүү тармак. Буга өнүккөн чет өлкөлөрдө көп көӊүл бөлүнөт. Россияда эми маани берилип жатат. Бизде болсо көпчүлүк биле бербейт. Кээсине айтсаӊ, түшүнбөйт. Негизи, бул тармак кайсы бир убакта бизде да өз маанисин жана маӊызын табат деген ойдомун. Алдыга койгон максаттарымда чет өлкөгө -Израиль, Америка Кошмо Штатына  барып кесиптик деӊгелимди көтөрүп келсем дейм. Себеби, ал жакта өтө өнүккөн.

Сиздер кол жазмадан жана кол тамгадан адамдын мүнөзүн билет экенсиздер да?

Ооба. Бул графалогия деп аталат. Башкача айтканда, ыкчам психо-диоганостиканын бир ыкмасы. Кол жазма аркылуу адамдан мүнөзүн, эмоциясын, жүрүм-турумун байкап, өтө көп маалымат алса болот. Ал тургай бет түзүлүшүнөн анын мүнөзүн, эркин, акылын баамдоо мүмкүн.

Ошондо, саясатчыларга портрет жасай алат экенсиз да? Бул ыкмалар шайлоо маалында өтө керек болчудай.

—Ооба, Кыргызстанда буга бир нече саясатчылар кызыгышкан. Аларга психологиялык портреттерин түзүп тергем.

Демек, сүрөттү көрүп, кишинин кыял-жоругун аныктай аласыз?

—Албетте. Аны психофизиогномика деп коёт. Мындай ыкмаларды колдонуу көбүнчө үй-бүлөдө, достордун, кесиптештердин арасында көп болот. Менин эки кыз, бир уулум бар. Экинчи кызым турмушка чыга электе жигитинин сүрөтүн сурап, мүнөзүн айтып бергем.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Өкмөттүн жыйынында тарткан сүрөтү социалдык желеде көп талкуу жаратты эле. Ал эмнени түшүндүрөт?

—Ооба. Көпчүлүк сын пикирлерди билдиришкен. Бирок, көп эле кишилер колунда кагаз калемсап болсо, бир нерселерди чиймелешет. Министр жанашкан төрт бурчтуктарды чийип олтурат. Бул кандайдыр бир көйгөйдү чечүүчү жолду издөөнүн белгиси.

Кээ бир кишилер жаратылышты тартышат, ал эмнени түшүндүрөт?

—Демек адамдын көӊүлү жай, санаасы тынч абалда турат. Эгер адам өз атын кооздоп жаза берсе, өзүн сүйгөн, өзүн көрсөзгүсү келгенин билсе болот. Эгер адам адамдын бетин тартса, сулуулугуна көӊүл бөлгөн, кол тамгасын коё берсе, өз статусун баса көргөзгүсү келген белги.

Ал эми, саясатчылардын кол жазмалары аркылуу аларга мүнөздөмө берүүнү «Спутник» агенттиги онлайн режимде жүргүзгөн. Мен ар бир кол жазмага мүнөздөмө бергенден кийин алар Алмазбек Атамбаев, Алтынбек Сулайманов, Аида Салянова жана башка саясатчыларга таандык кол жазмалар экенин айтышты.

Сиздердин кесипти үйрөнүү канча убакытты талап кылат?

—Базалык эле билим алуу үчүн 200 саат керек. Толук үйрөнүү үчүн 400дөн кем эмес саат окуу зарыл. Албетте, анан да практика керек. Психология, психотерия бар болуш керек.

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here