Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын «Азаттыкка» айтып берип, абдан арызданган экен. Алардын бул сөзүнө ким ишенет ? Өздөрүбү?

Анын алдында Матраимовдордон басым көрүп жатканын, өмүрлөрүнө коркунуч жаралганын айтып, президенттен жардам сураган эки жарандын видео кайрылуусу соцсетке кайрылган.

Искендер Матраимов муну каралоо деп баалады:

— Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз — ред.) Бишкекте жашасак, анысына да, мунусуна да аралаштырып, окшоштуруп жатышат. Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Биздин криминалдар менен ишибиз жок.

Матраимовдордун Ошто «Эрем» деп аталган спорт клубу бар. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here