Кумтөр алтын кенинде сууга чөгүп кеткен машинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу 16-февралда кен казуучу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады

Барскоон айылынын тургуну 54 жаштагы айдоочу 15-февралда Петров көлүнө экскаватор менен кошо түшүп кеткен. Кырсык кечке жуук болгон. Издөө иштерине Бишкектен жана Караколдон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышты.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө Кумтөр кенинде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери 9-январда токтотулуп, муфтиятын уруксаты менен жаназалары окулган болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here