Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президенттен жардам сурап видео кайрылуу жасады.

15-февралда “Фейсбукка” жарыяланган кайрылууда ал агасы Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда.

Эмирбек Кимсанов агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга кабылганын белгиледи. Үй-бүлөсү коркутууга кабылып, учурда ар кайсы жерде бекинип жүргөнүн билдирди.

Анын алдында Эмилбек Кимсанов мамлекеттен чыгып кеткени жөнүндө маалыматтар тараган болчу. Ал жумуштан 2018-жылы кеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here