Ошто спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык» деген таризде президентке кайрылган видеосу жарыяланды 14-февралда “Фейсбукка” чыкты.

Рахманберди уулу Ош шаардык Спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеп жаткан Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы жегенин, алар «арыз жазсаң каматабыз» деп опузалаганын ырастайт.

С

Кайрылууда Төлөгөн Рахманберди уулу буларды айткан:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык. Себеби 5-6 ай мурда Раимбеков Нурбектин балдары травматикалык мылтык менен бутума атып кетишкен. “Арыз жазба, жазсаң өзүңдөн көр” дешкен. Мен жазган жокмун. 1-2 ай өтпөй Саркарбаев Кылыч автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, анда да Раимбеков Мунарбек жана Саркарбаев Кылыч ооруканага келип, башыма пистолет такап коркутушуп, “өзүңдү каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз” деген. Ошондо да арыз жазган эмесмин».

Буга улай эле Алай районунун Арпа -Тектир айылынын жашоочулары бул маселе боюнча президентке кайрылу жолдошкон

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here