Бийлик Мамлекеттик каттоо кызматына Балык шаарынын мэри болуп иштеп турган «сөгөнөк» мэр Алмаз Мамбетовду апендинин кызындай укмуш мактап өткөн жылдын апрель айында жетекчи кылып дайындаган. Ал бул кызматтан бир жылга жетпей алынды. Өзүн укмуш рефарматор экенин деле элге көрсөтө албады. Мамкаттоого караштуу «Унаа» ишканасынын башчысы Козубаев менен тирешип (экөө бирини бириниүстүнөн Коопсуздук кеӊешине арыз жазышкан) атып, акыры экөө теӊ кызматтан айдалды.

Эми анын ордуна бийликтин бир билерманы, Жээнбековдордун эӊ ишенимдүү кадрларынын бири Президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиевди дайындайт деген кептер эки-үч күндөн бери айтылып, кызуу талкууга алынууда. Бийлик эмнеге мындай чечимге келип жатат? Жандырмагы оӊой эле… Босогодо праламенттик шайлоо турат. Демек, Мамлекеттик каттоо кызматынын башында эӊ ишенимдүү кадр турбаса болобу? Бул жагы баарыбызга эле маалым. Мындай көрүнүш мурунтан эле болуп келген. Алыс барбай эле кечээки Атамбаевдин бийлигин алалы. Атамбаевдин ишенимдүү кадры Тайырбек Сарпашев анын учурунда кызматтан кызмат тандап, кыйла тайралаӊдады. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биринчи вице болуп турганына карабай Мамлекеттик каттоо кызматына келди. Келгени курусун, биометрика деп чалмакейди чалып, паспорттогу улуту кыргыз деген жазууну өчүрүү ишин ийгиликтүү ишке ашырды. Элдин каргап -шилеп, каршы болуп жатканынан карабады. Бул жагынан алганда ал тим эле «Шыпшайрдай» эле шыпылдады го чиркин… Шайлоо учурунда болсо ал Атамбаев күткөн, каалаган жыйынтыкты көрсөтүп берди. Андан соӊ Тайырбек мырза2017-жылдын июнь айында Президенттик шайлоого да даярдыкты кызытып жатканда, улутташтырылды деген Бакиевдердин жерине байланыштуу кызматтан тайгаланып түштү. Чынында далай былыгы үчүн алынган. Ал тургай кылмыш жоопкерчилигине да тартуу маселеси ишке аша турган болуп, бирок эмдигиче ишке ашпай келет. Мына ушул мурунку шайлоодогу практиканы азыркы бийлик деле болушунча колдонбойт деп ким кепилдик бере албайт? Албетте, эч ким кепилдик бербейт…. Андыктан Эсеналиевдин Мамлекеттик каттоо кызматына келет дегени кабар бекеринен эмес. Толугу менен логикага сыя турган маселе… Досалы мырза болсо атына заты жарашып, достукка бекем, кандай болгон учурда да Жээнбековду сатып кетпейт деген ишеним бар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here