—Токтогул мырза, сиз аскердик ишмердүүлүк жагын жакшы билесиз да. Казакстандагы конфликттен улам дунгандардан официалдуу түрдө 5-6 миӊ, официалдуу эмес мааалыматтарга караганда 10 миӊге чейинки адам Токмокко кирди деп айтылып жатпайбы. Эми ушул жагдай коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Ушуга сиз кандай баа берет элеӊиз?

—Кыргызстанда сырткы, ички миграция маселеси боюнча эч ким көӊүл бурбайт. Баягы маалы келгенде, же бир чатак болуп калса гана көӊүл бурулат. Бизде миграция кызматын түзүп коюшту. Анын анчалык деле таасири жок. Баары теӊ эле Өкмөткө баш ийет. Миграция кызматына байланыштуу маселени бизде кандайдыр бир саясатчылар өткөзбөйт. Мына айта кетели. Россияда миграциялык кызмат түзүлгөн. Алгач өз алдынча түзүлсө, азыркы кезде ИИМдин курамында. Казакстан миграциялык полиция түздү. Биз эле түзбөйбүз. Анткени тайсалдап  тышкы иштер министрлигине бере коёбуз. Болбогон бок-сактын баарын аралаштырып, иши кылып миграциялык кызматты ИИМге өткөрүп берүүдөн баш тартып турушат. Бул эми сөз башы деп миграция боюнча абалды айттым.

 Ал эми Кордайда түзүлгөн кырдаал боюнча айта турчу сөз арбын.  Токмокко кирип келгендер чындыгында Кыргызстандын мурунку жарандары болгон. Алар  Казакстанда жер көп дегендиктен ошол жакка кетип калышкан. Казакстандын жарандыгын алышкан. Демек булардын кайтып келишине бөгөт коё албайбыз. Ал эми коомчулуктун жөн эле кабатыр болгону туура эмес. Туура эмес дегеним, биздин Кыргызстанда дунган эмес, көчөдө бир топ улуттун өкүлдөрү көбөйүп баратат. Биз качкындарды кабыл алуга милдеттүбүз да. Себеби, мына ушул маселе боюнча Эл аралык келишимдерге кол койгонбуз.

—Кордайдан кирген дунгандардын баары кайра Казакстанга чыгабы, же көбү калып калабы? Негизиги маселе мына ушунда болуп турат.

Чыккандары чыгышат, чыкпагандары ыӊгайына жараша калып калышат. 100 пайыз чыгышат деп айтуу кыйын. Тажикстанда согуш болгон учурда  качкындардан  40 миӊден  60 миӊге чейин адам жашаган. Грант беребиз десе эле биздикилер мурдунан суусу агып, колдору кычышып эле акырында башка бир негизги улуттун кызыкчылыктарын тебелеп салып эле  кол коюп коюшат.

—Дунгандар бай келишет да. Биздин жерге калып кала  тургандар бат эле ылайыкташат да. Үй ж.б. сатып алышып дегендей…

—Керек болсо, алардын Кыргызстанды деле сатып алгыдай акчасы бар. Анан биздин кызматкерлердин баары теӊ шүмшүк келишет. Акча десе эле баары “жатып” калышат.

—А бирок алардын бизге көчүп келип отурукташып калышынын мамлекетке канчалык пайдасы бар?

—Кыргызстанда  жашоого, жер айдаганга болгону 6% жер бар. Бир дунгандын талаасында аткарылган иш 20 кыргыздын эмгегине барабар. Демек, аларда 20 эсе акча көп. Мыйзамды жакшы билишет. Мына келишти. Эми кыргыздарды мактайт. Эми булар Кыргызстандын демократиялык өлкө экендигин айтышып ОБСЕге, ООНго кайрылышат. Ал тараптан биздин Өкмөткө маалымат берилет. Биздикилер болсо кыйшактап жатып акырында макул болушат. Ошону менен иш бүтөт. Кыргызстанда качкындар менен иш алып барган бюро да бар. Ошол бюро аркылуу биздин өлкөдөн Американын элчилиги аркылуу бир топ адамдар чыгып кетпедиби. Кыргызстанда буга чейин мээси жоктордун башын айлантышып, бүткүл документтердин баарына кол койдуруп, жанагындай жолду ачып алышкан. Эми бизге чегинишке мүмкүнчүлүк жок.  Бирок, Атамбаевдин маалында “Кыргыз мамлекетинде Кыргыз мамлекетинин гана мыйзамы иштейт. Бөлөк эл аралык мыйзам бул жерде иштебейт” деген жыйынтык чыкканын байкасаӊар керек. Ал учурда Атамбаевди гезиттерге жамандап “Силер деген ОДБКнын мүчөсү болгондон кийин баарына баш ийишиӊер керек” деп кыр көрсөтүштү. Ага болбой Конституцияны өзгөртүп салышты. Ошондо Атамбаев бул маселени токтотууга аракет кылган. Эми Атамбаевди “тепкилеп” отуруп ушуну унутта калтырып жатышпайбы. Атамбаевдин биринчи кадамы ошол болгон…

—Негизи мындай жалпылап алганда алардын көчүп келип отурукташып калышынын биздин мамлекетке көп деле пайдасы жок экен да?

—Эми пайдасы жок дегенде мамлекетке пайдалуу ким бар? Бүгүнкү күндө кыргыз эли өзү пайдасы жок болуп жатпайбы. Көпчүлүгү мигрант болуп качып кетип дегендей. Пайдасы болсо бул жерде иштебейт беле. Иштегендер иштеп эле жатышат го. Дунгандар эмгекке, ар ишке  эптүү эл болгондуктан колунан баары келет. Кичинекей эле жер, суу берсеӊ калганын өздөрү таап алышат. А биздикилер баары турса таштап кеткендиктен жердин баары бош калып жатпайбы. Россия баштаган башка мамлекеттерге, анан сыртка чыкпагандары жок дегенде Чүйгө же Көлгө келишет. Башка жерге барышпайт… Кыргызстанда бүгүнкү күндө миграция кызматы Эл аралык деӊгээлде мамлекеттин ички саясатынын негизинде иш алып барууга күчү жетпей жатпайбы. Кыргыз мамлекети бүгүнкү күндө аймактык эгемендүүлүккө ээ боло элек! Эмне үчүн? Конституцияда “Кыргыз мамлекети чек арасы аныкталган чектин ичинде” деп жазылып турат. А биздин чек аралар Өзбекстан, Тажикстан менен  азыркы кезге чейин аныктала элек да.   Демек, Кыргызстан толук кандуу эгемендүүлүккө  ээ боло албай жатпайбы?! Ошонун негизинде жанагыдай документтердин баарына кол койдуруп алып Кыргызстанды даярдыкка коюп койгон. Чек аралаш мамлекеттерде улуттар аралык чыр-чатак болсо, басынгандар улуттун өкүлдөрү Кыргызстанга келип баш калкалаганга жол ачылып калган.

—Ат-Башы районунда логистикалык лаборатория курула тургандыгы тууралуу маалымат тарагандан бери бул маселе кызуу талкууга алынып жатат. Буга сиз кандай баа бересиз?

—Кыргызстандын жараны катары мен Кыргыз мамлекетин колума курал алып коргогон күндөр болгон.  Орустардын Крылов деген атактуу тамсилчисинин “Слон и моська” деген тамсили бар. Слон дегени Кытай болсо, а биз моська болуп жатабыз. Кытайдан чоочулап турган Америка да, Европа да бар. Совет доорундагы Кыргыз мамлекети өзүнүн курсагын тойгузганга 95% кудурети жетчү. Бүгүн ушунча пайыз тамак-аштын баары четтен келет. Эгерде ал жерге кытайлар ал жерге чоӊ профилдүү логистикалык борбор түзсө, андан кийин Кыргызстандын атын атап туруп болгон товардын Россияга  ж.б. мамлекеттерге жөнөтөт. Анткени Кытайдын ЕАЭБге кирген мамлекеттерге эч кандай тиешеси жок. Логистикалык борборго ачылган соӊ Кытай учу-кыйыры жок соода дарбазасы ачылганга мүмкүндүк түзүлөт.

—Бирок ушундай логистикалык борбор ЕАЭБге кирген мамлекеттердин баарына ачыла турганы маалымдалып жатпайбы?  

—Эми бул жерде биздин жүрөгүнүн суусун алган мамлекеттик кызматкерлер болуп жатат да. Кыргызстан эт, сүт сыяктуу продукцияларын ЕАЭБге кирген мамлекеттерге сатыш үчүн сертификатка ээ болуш керек экен. Ал үчүн ар бир облуста бирден логистикалык лаборатория курулушу керек эле да. Орустар ошол үчүн бизге фонд аркылуу  бир миллиард  акча  берди да.  Бирок биз алардын сунуштарын жасабай койдук да. Бизде талапка ылайык лобаротариялар аз. Чынында элдин ал логистикалык борбор салынса кытай экспансиясы күчөйт деген кооптонуусун четке кагуу болбойт. Анткени, мындай көрүнүш бизде эле дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде болуп эле келатпайбы. Ал эми логисткалык борбор салынган соӊ, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар кытайлардын колунан өтсө да башка мамлекеттерге Кыргызстандын атынан экспорттолуп калат.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here