Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан баш калка сурады. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Айсултан бул кадамын үй-бүлөсү тарабынан басым болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ал билдирүүсүндө Орусия жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы коррупция тууралуу маалыматка ээ экенин жазган.

29 жаштагы Айсултан — Назарбаевдин тун кызы, парламент төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгон.

Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип жана баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген. Окуядан кийин ал баңгиликтен дарылаган «Priory» аттуу ооруканага жаткырылган.

Айсултан Назарбаевдин кийинки убактагы билдирүүлөрү боюнча Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү комментарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here