Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, 64 миңге жетти. Анын ичинен 1380 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындан улам Хубэй провинциясынын жетекчилиги эмне себептен оорулуулардын саны кескин өсүп кеткенин түшүндүрүп, буга дартты аныктоо боюнча жаңы ыкманын колдонулушу себеп болгонун айтты. Айта кетсек, 13-февралда бир түн ичинде 14 миң 840 киши вирус жуктурганы белгилүү болду.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 64 миң. Анын ичинен 6723 киши сакайып, 1380 киши көз жумду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here