Кыргызстанда адам укугун басмырлоого, тепселөөгө, шылдыңдого мыйзам жол береби?

Мен, 74 жаштагы пенсионер, 1946-жылы 21-декабрда туулган Токсумбаева Канымбүбү Жумабаевна, маалымат каражаттары аркылуу  аргасыздан КРнын Президентине кайрылууга мажбур болуп отурам.

            Себеби, 2019 — жылдын 6-июнунда “Дордой Секьюрити” коргоо агенттигинин “командири” Исаев Кубан Кайырбекович аттуу жаран менин  үстүмөн Аламүдүн райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Дооматтын чоо-жайы төмөнкүлөр  менен байланыштуу:

            2018-жылдын 17-сентябрында К.Баялинов атындагы китепкананын кызматкери, менин кызым, алты саны аман Ажыбаева Индира Шарапидинова  Фучик көчөсүндөгү №1 Бишкек шаардык оорукананын №2-хирургия бөлүмүнө шашылыш жаткырылган. 19-сентябрда ага  операция жасалып, тилекке каршы, ал ошол эле күнү реанимацияда каза болот. Кызыгы,  кечээ эле сопсоо басып жүргөн кызымдын  эмнеден каза болгондугу эмдигиче табышмак бойдон турат…

            “Индира боордун альвеококкоз дартына чалдыгыптыр”, “кичине эле жери экен”, “аны бат эле алып коебуз” деп, хирург Мусаев Акыл Инаятович операция жасайт. Түшүнүксүз иштер ушул жерден башталат… Буга чейин сак-саламатта жүргөн менин кызым бул ооруга качан чалдыгып, анын операциясынын татаал экендиги, мага, жана бир туугандарына билдирилбей, жарандык никедеги К.Исаевдин “ишаараты” менен  “тымызын” жасалгандыгынын эмне сыры бар эле?

            Жогорудагы соттук доо арыздын “ээси” К. Исаевдин “кылмыштуу кулагы” алгач ирет мына ушул жерден көрүнөт. Анткени, ал менин кызым-Индира Ажыбаеванын үстүнө күч күйөө катары кирип алган.  Экөөнүн мыйзамдуу никеси,  баласы жок болсо да, К.Исаев өзүн  дарыгерлерге И.Ажыбаеванын “мыйзамдуу күйөсү” катары тааныштырып, мага, бир туугандарына врачтардын айткан сөзүн толук айтпай, кызымдын  абалынын өтө начар экендигин, операциянын ийгилиги 50/50% экендигин жашырып, “Силерди сарсанаа болбосун дедим” деген жүйөө менен  операцияга шашылыш киргизип жиберген.

            Эки эле күндүн ичинде, кызыма операция жасалып, К. Исаевдин “өзүм билемдигинен” кызымдын өмүрү кыйылып, артында көптөгөн күмөндүү суроолор пайда болуп отурат…

И. Ажыбаева

            Биз кайрылган тергөө органдары эмдигиче К. Исаевдин “өзүм билемдигин” тескөөгө ала элек… Ал эми врачтар кызымдын  өлүмүнүн себептерин өз учурунда  аныктабай, врач А.Мусаев реанимацияда каза болгон  кызымды, “каза болгондугу тууралуу” справканы сурап барганыбызда  “В крайне тяжелом состоянии увезли, от дальнейшего лечения отказались” деген справканы  карматты? Бул эмнеден кабар берет?

            Чынында, биз кызымдын сөөгүн реанимациядан алып кеткенбиз. Соттук териштирүүлөр мына ушундан башталса болмок… Мүмкүн, К. Исаев башка бирөөнүн мүлкүнө ээ болуш үчүн бул ишти врачтар менен сүйлөшүп  атайын ушул ишти жасагандыр… Мүмкүн… Болбосо, көчөдө жүргөн бирөө эле күйөөсүмүн деп ар кимди жетелеп келе берсе эле, врачтар операция жасай беришеби?

            Эгерде, башка бирөөнүн мүлкүнө көз артпаса, К. Исаев, И.Ажыбаева каза болгондон алты ай өтпөй, сотко дал ушундай  дооматы менен кайрылбайт эле…

            Мүмкүн, К. Исаевдин максаты – кызымдын  жеке үй-мүлкүнүн мыйзамдуу жалгыз мураскору — мага өтүп кетпесин дегендир…

            Бирок, Аламүдүн райондук соту, бул иш түшкөндө эле кароосуз калтыруга негиз бар эле. Анткени, мен, мурда да, азыр да  мураскорлукка  өтө элекмин. Баарынан да, менин кызымдын артында калган үй-мүлкүнө толук ээ болууга мыйзамдуу укугум бар  болсо да,  ал укук Сот тарабынан  чектелип, мураскорлукка өтүүгө “арест” коюлгандыгын  кандай деп түшүнсөк болот?..

            Эгерде, Сот, менин мураскорлук укугума  өтүүгө чек койсо,  анда эмнеге кайра-кайра сотко чакырылам?

            Мен – азыркыга чейин кызымдан калган  үйдүн ээси да, мураскору да эмесмин. Мен мураскорлукка ээ болбосом  дагы, менден үлүш доолаганга мыйзам  жол береби? Же, бул сот өндүрүшүнүн одоно бузулуп жаткандыгынын белгисиби?

            Мураскорлукка өтүүгө абдан чоң тоскоолдуктар болууда. Сот К.Исаевдин доо өндүрүү арызын канааттандырып,  бул иш Аламүдүн райондук сотунда 7 айдан бери каралып  бүтпөй  келе жатат. Дегеле, мыйзам боюнча, мураска ээ боло элек адамдан үлүш талап кылууга болобу? Бул жерде  кимдин укуктары бузулууда?

            Жогоруда айтылгандар, бул окуянын бир гана тарабы. А талаштын башы мындай болгон…

             2003-жылы биз кызым И.Ажыбаевага Көлбаев көчөсүңдө жайгашкан жатаканадан бир бөлмө сатып берип, өзүнө каттап, 2017-жылга чейин 14 жыл бою кызым ошол бөлмөдө жалгыз жашап турган. 2014-жылы кызымдын   жеке турмушунда мурдагы бүлөсүн таштап кеткен, үч баласы бар  К. Исаев аттуу  жаран пайда болот. К.Исаевдин өз үйү жок болгондуктан, күч күйөө катары кызымдын үстүнө кирип алган. К.Исаев: “өзүнө тиешелүү” Киркомстромдогу үч бөлмөлүү үйүн мурдагы үй-бүлөсүнө “калтырып”, өзүнө “Эне сай” жаңы конушундагы төрт сотых жерин алып калгандыгын айткан. Албетте, бул анын жалган сөздөрүнүн башталышы экендигин ал учурда эч кимибиз билген эмес экенбиз…

             2017-жылы балдарым  менен кеңешип, кызымдын жашаган  бөлмөсүн 10 000 долларга сатканбыз. Колундагы акчанын 6500 долларына 2017-жылдын 2-майында Кемин шаарчасынын тургуну Абыкеев Максатбек Каныбековичке  таандык Аламүдүн районуна караштуу “Үмүт” жаңы конушундагы № 458-участогун сатып берип, кызымдын өзүнө каттатканбыз.  Калган акчасына балам Ажыбаев Артур үй курулуш иштерин баштаган. Бир туугандары, ага колунан келишинче материалдык жардамын беришкен. Көтөрүлүп келе жаткан үйгө “көзү күйгөн” котур таштуу К.Исаев, ага кожоюндук кылуунун миң түркүн амалын ойлоп,  арам оюн ичинде “бышырып” жүргөнүн  мында да билбептирбиз…

             Кошуналардын көзүнчө өзүн үйдүн ээси катары көрсөтүп, анда-санда курулушка кол тийгизген болот…Чынында, үйдүн курулуш иштерин толугу менен балам  Артур  Ажыбаев, неберелерим Манап  Замирбек уулу, Актан Акатов жана башка туугандары ишке ашырып, 3 айда тамды салып бүтүшкөн. Мунун далили катары үй курулушун толугу менен камтыган фото жана видео материалдар бар.

            Бул курулушка кызымдын жер тилкесин сатып алгандан кийин артып калган 3500 доллары толугу менен жумшалган. Мурдатан түзүлгөн эсеп боюнча, бул суммага, чакан үй тургузулуп, анын бир бөлмөсүн бүтүрүүгө толук жеткен… Бирок, дал ушул үй куруу маселесинде К.Исаевдин “жигээрдүү” катышуусу, анын “акчалай чыгымы” мени Сотко берүүгө “негиз” болуп отурат.

            Жогоруда айтылгандай, 2018-жылы 17-сентябрында И.Ажыбаева К. Исаевдин “ишараты” менен күтүүсүз ооруканага жаткырылып, 19-сентябрда жасалган операциядан соң, өзүнө келе албай, кечки саат 11.00дө реанимациядан каза болот. Баса, К.Исаевдин Акыл аттуу эжеси, похорондо: “Эй, Кубан, ушул ооруканадан сенин апаң, менин күйөөм-жездең операция болуп каза болушпады беле? Эмне үчүн Индираны ушул ооруканага алып бардың?,-десе, К.Исаев: “Туй, ата, ошону унуткан турбаймынбы”,-деп, “ыйманын жегени” ошол жерде отургандарды терең ойго салган…

            К.Исаевдин  өзүнүн апасы жана бир тууган жездесинин ошол ооруканадан каза болгондугу көз алдында турса да, ал “оозун кымтып”, хирург Акылбек Инаятович Мусаевдин 50/50 деген күмөн-жоромолун бизге айтпай,  операция кылууга  “макулдук” бергендигинин  сыры эмнеде эле?..

            Мүмкүн, К.Исаев мурдатан кыянаттык менен ойлоп жүргөн арам иштеринин бирин “ушул жол” аркылуу чечип алууну ойлогондур…Мүмкүн…Болбосо, К.Исаев өз энесин “оңдурбаган”, жездесин “соолуткан” ооруканага “сүйүктүү жарын” жаткырат беле?.. Айтор, мунун бардыгы кызым  жерге берилип, кыркылыгы өткөндөн кийин билинбедиби…

            Похорондон көп өтпөй, К.Исаев үйдү бекитип,  ачкычын бербей,  эртеден кечке иштеген кароолчулук жумушуна шылтап, телефон чалсак албай, мени  өз кызымдын  үйүнө жолотпоого аракет кыла баштаган. Үйдөн аны эч ким “чык” деп кубалабаса да, жалган айтып, “мени үйдөн кууп жатышат” деп, “шефи” Акжол Исаевге  көз жашын көлдөтүп барат. Ал, өз мекемесинин юристи Н.Калачеваны адвокат кылып дайындап, сот ишинде жардам берүүгө кошуп берет.   Ошентип, бизди   жаманатты кылуу аракети ушинтип башталган. Баса, ал гана эмес, К.Исаев аза күтүп отурган  биздин  үйгө бир нече ирет мас абалында барып, ар түрдүү “концерттерди” коюп жүргөндүгүн өз эжеси Акыл да көзү менен көргөн…

            Эгерде биз  аны чындап эле кууп,  көчөгө  чыгарып таштасак, ал ушул күнгө чейин кызыма таандык тамда жашап, мыйзамды “түкүрүк” ордуна көрбөй, көшөрүп, чыкпай отуруп албайт эле…

            Тескерисинче, “билсеңер, “аялы өлсө, үйү күйөөсүнө калат” деп, мыйзамдуу ЗАГСы, баласы болбосо да, ушул кезге чейин кызымдын үйүн бошотпой, “силердин 30 эле пайызыңар бар деп” бизди шылдыңдап,  “70%  мага таандык” деп, сотко бир нече жасалма документтерди даярдай салып, менден үлүш доолап отурат.

            К.Исаевдин былыктуу иштери муну менен эле токтогон эмес… Сотто, ал, өзү иштеген “Дордой Секьюрити” коргоо агенттиги тарабынан берилген  бир топ займдардын копияларын көрсөтүүдө. Бул займдардын көбү үй салынып бүткөндөн  кийинки мезгилде “алынып”, анын  мыйзамсыз экендигин шарттаган  төмөнкүдөй себептери ачыкталууда:

1. Мыйзам боюнча, займдар, айлык акынын эсебинен пайызы жок  берилет. К.Исаевге берилген займдардын бардыгы кредит катары 12% менен берилген.

2. Мыйзам боюнча  50 миң сомдон жогору займдардын бардыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. К. Исаевдин займдарынын бирөө дагы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмес.

3. Мыйзам боюнча, Сот, доо арызындагы материалдардын түп нускасы менен гана иш алып барышы керек эле. Бирок, К.Исаев, сотто, эмдигиче займдардын түп нускасын көрсөтө элек. Бардыгынын көчүрмөсү гана тиркелген…

4. Алты айдын аралыгында К. Исаевге “Дордой Секьюрити” 5 жолу, жалпы суммасы 643 500 миң сомдук займды 12% чен өлчөм менен берген. Айлыгы 15-20 миң сомду түзгөн кароолчу К.Исаев ушунча займды бир жылдын ичинде  жаба алмак беле?

5. Дегеле, “Дордой Секьюрити” коргоо агенттигинин кредит же займ берүүгө мыйзамдык укугу барбы? Ал кредиттик уюмбу, же банкпы?

            Акыркы 5-суроо боюнча биз Финполицияга кайрылдык. Алар “Дордой Секьюритинин” кредит же займ берүүдөгү  мыйзамсыз аракеттерин текшерип, мындай лицензиясынын жок экендиги белгилүү болду.

            Ошентип, “Дордой Секрютинин” үч бакандай кызматкери – гендиректору Акжол Исаев, командири Кубан Исаев, агенттиктин юристи, Исаевдин адвокаты Надежда Калачева, баш болуп менден үлүш талашып турганы эмнеден кабар берет? Мен ушул күнгө чейин мураскер катары кызымдын мүлкүнө ээ боло элекмин да…

            Соттук териштирүүдө  алардын бири “ керек болсо Салымбеков мага 20 миң долларга джип подарить эткен” деп абройлуу адамдын атын бетине кармаганы-бул эмне опузалаганыбы? Ушундай иш аракеттери менен булар Аскар Салымбековдун абройуна көлөкө түшүрүп жаткандыгын билишет болду бекен? Абройлуу адам кол алдында иштегендердин мындай арам иштерин билбеши  толук мүмкүн…

К. Исаев

            К.Исаев муну менен эле чектелбей, соттук материалдарга тиркеме катары кошкон маалыматтарында, үй курулушуна кеткен чыгымдардын баасын он эсе жогорулатып, курулушта таптакыр колдонулбаган материалдарды жазып,  алардын баасын жана көлөмүн каалагандай “ашырып”, жалпы суммасы “810 000 сом чыгым болдум” деген дооматтарды келтирүүдө.

            Башында  643 500 сомдук материалдык чыгымга туш болдум деген К.Исаевдин займдары кандайча 810 000 сом болуп кетти деп таң калып турган чыгарсыз… Бул маселе окуянын дагы бир бутагын түзөт…

            К.Исаев Аламүдүн райондук сотуна берген доо арызында жогоруда аталган займдардан сырткары, “Диалог Кредит” МККнан алынган 150  миң сомдук  жана “Аманат” банкынан алынган 60 миң сомдук кредитти кошо тиркеп, ушул суммалар дагы  тамга керектелген деп, калып айтып  отургандыгы таң калтырат.

            Көрсө, К.Исаев шылуундук кылып,  кызымдын  үйү бүтүп, бир бөлмөсүнө киргенден кийин, ага калп айтып, жер тилкесинин кызыл китебин  күрөөгө койдуруп, “үйдү толук бүтүрөбүз деп”, “Диалог Кредит” компаниясынан  2 транш менен 300 миң сомдук кредитке келишим түздүрүп, анын биринчи траншы боюнча берилген 150 миң сомун жеке өзү алып, кызымды  “поручитель” кылып жаздырат.  Бирок, экинчи траншы боюнча берилүүчү 150 мин сом банктан алынган эмес. Себеби, кызым каза болуп калган. Буга карабай, К.Исаев  сотко берген маалыматында  300 миң сом толугу менен алынды деп, өзү тарабынан кеткен “чыгымдардын” суммасын дагы 150 миң сомго жогорулатуу аракетин көрүүдө.

             Ал эми “Аманат” банкынан алынды делген 60 миң сом  кредиттин тагдыры да дал ушундай…Ага сатылып алынган материалдарды курулган үйдүн эч жеринен табууга мүмкүн эмес… Бул эки банктан алынган кредиттер кандай максат менен коротулгандыгы бир кудайга жана бир К.Исаевге белгилүүдүр…Анткени, ага сатылып алынды деген курулуш  материалдарын  кызыма  таандык үйдүн эч  жеринен көрүүгө мүмкүн эмес…

            К.Исаев өзү тарабынан кетирилген чыгымдардын суммасын көбөйтүү үчүн, кыргыз баласы  кылбай турган жорукту  жасап, эч кимге айтпай, бир түндүн ичинде,  кызыма деп, эсеби 2 чарчы метрди түзгөн темир коргонду жасай салган. Анысы  үйүлгөн топурактын алкагына батпай калган. Темирди кайрадан узартуунун ордуна, “буга боло берет” дегендей, мамиле менен радиусу 3 метр болуп үйүлгөн маркум кызымдын топурагын чочкодой челип, алдыны карай сүрүп салган. Уйүлгөн топуракты темирдин ичине батыруу  аракетин көргөн. Сөзүм куру болбосун үчүн ошол эстеликтин сүрөттөрүн көрүңүз:

Ошондо да, жасалган эстеликтин  тардыгынан, үйүлгөн топурактар туш-тарапка ашып, ар бир жагынан  жарым метрден ашык топурак сыртта калган… Салыштыруу үчүн наркы маркумдун үйүлгөн топурагын кароо жетиштүү…

            Акчага болгон арам оюн бейиттен да “көтөрүп алуу” максатын көздөгөн К.Исаев, коргондун арт жагын 1 метр 40 сантиметрге чейин жылдырганы  казанбакка суу түшүү коркунучун пайда кылган. Муну К.Исаев ойлодубу?    

            Мага карата жазган доо арызында: “2019-жылдын март айында  коргон орноттум, эстелик койдум, бардык “ыгым-чыгым” менин эсебимден кетти” деп   жазат да, бейитти Сиз көргөн абалга алып келет…

            “Шумдуктуунун төөсү жорго” дейт, кыргыз, эстелик орнотууда, өзү менен ээрчите барган жигитке телефонун карматып, аны кадрдан көрсөтпөй, өзү “маңдай терин агызып”, шымалана “жалгыз” иштеп, эстеликтин түбүнө цемент куюп, мунусун видеого тарттырып, кийин аны туугандардын ватсабына жөнөтүп  жиберген. Анын бул “ийгилигин” көрүп,  “жерге түкүрүп”, видеону дароо өчүрүп, “бул кыргыз баласынын жасай турган жоругу эмес”, деп, эрдемсиген К.Исаевдин кылыктарынан биротоло түңүлгөнбүз…

            Ошентип, К.Исаев, о дүйнөгө кеткен кызымдан калган тамына мыйзамсыз ээ болуу үчүн  мураска ээ боло элек болсом да, менден “үлүш” доолап, Аламүдүн райондук соту аны канааттандырып, иш тергелип  жатканына  жети айдын   жүзү  болду…

            Менин мыйзамдуу укугумду ким коргойт? Айткылачы…Бир гана коомчулуктан жардам сурап, коомчулуктун коргоосуна муктаж болуп отурам. Анткени, генералдык прокуратура баштаган бардык тергөө органдары К.Исаевдин, врач А.Мусаевдин, Аламудун райондук нотариалдык кызматынын мыйзамсыз аракеттери боюнча жазган кайрылуубуздан  эч майнап чыгарбады…

            Албетте, адамдык да, моралдык да, мыйзамдык да алкактардан сырткары чыгып кеткен бул иштин кандай чечилери али күмөн, анткени, сот процесси дале уланууда…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here