Жогорку Кеӊеш ушу тапта өзүнүн конституциялык да, даражалуулук да таасирин жоготуп койду. Муну эч ким тана албайт. Ушу тапта ал жерге акчаӊ болсо ким да болбосун бара алат. Бул турмуш чындыгы. Бирок дагы бир чындык бар. Айрымдар акчасы көптүгүнөн ошол жерге барып алып “аквариумдагы балык” болушса, айрымдар ал жерде ар нерсени дөөрүп “ызвезда” болгондорун көрүп келе жатабыз. Булар эми аныгында кызылдай эле көрпенделик жана көрдүйнөлүк кызыкчылыктардын кулдары эмеспи.

Бирок, ошол эле маалда мамлекетти ичинен иритип, “Идеологиялык Бакай” болгусу келгендер да жок эмес. Бирок, алар аныгында мамлекет үчүн эмес, жеке кызматтык жана капчыктык кызыкчылыктын мөртүн кетирбей, учурдун удулунан пайдаланып калгылары келишет. Ошолордун ана башында тургандардын бири бул Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев экени жашыруун эмес. Өкүнүчтүүсү, ар бийликке алкынды самындай жылмышкан Каныбек Иманалиев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун камын көрүп, улам бир партиянын эшигин каккылап жүрү. Эс алайын, башкалар иштесин дебейт экен да. Эптеп тешик болсо башын тыгып парламентке кирүүнүн айласын издеп жүрү. Чунак киши, өзүн саясатта өтө таза киши эсептейт ойшойт… Бирок, анын кантип “бок басканын”, Акаев доорундагы “ыйлаак” баланын андан берки доорлордун таштаманын таптаган  саясый жүрүштөрдөгү көз будамайлоо “талантын” коомчулук унутту десе жаӊылат. Бүгүнкү коомду жылуу сөз, куру кыйкырык менен алдоо акылсыздыктын иши го.

Булак: «De-facto»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here