13-февраль күнү Бишкектеги энени жана баланы коргоо улуттук борборундагы төрөт үйүндө үч эм кыз төрөлгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Кыздардын абалы жакшы. Алардын апасы 37 жаштагы шаар тургуну. Ымыркайлардын салмагы — 2,700, 2, 560 жана 2,800 кг.

Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрь айында үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берүүнү чечкен2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here